2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы дайындалган эки судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ант берди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чара Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү жана КР Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов судьяларды дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары:
– Исажанов Келдибек Сейдахматович – Ош облустук сотунун судьясы;
– Койломбаев Азамат Ишимбекович – Нарын облустук сотунун судьясы.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 6-апрелинде «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ