Menu

Оштогу Бабур театры Жалал-Абадга концерт коёт

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек драмалык театрынын чыгармачыл жамааты Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрында чоң концерт койгону даярданып жатат. Бул тууралуу Бабур драма театрынын Жалал-Абадга гастролун уюштуруучу Жалал-Абад областтык өзбек тилинде чыгуучу “Жалолобод тонги” гезитинин башкы редактору Абдумуктар Исраилов билдирди.

Анын айтымында, Бабур драма театрынын чыгармачыл жамааты 25-апрель күнү жалалабаддыктарга чоң программадагы концерт койгону даярданып жатышат.

-Биз “Достук көпүрөсү” долбоорунун алкагында Оштогу Бабур драма театрынын чыгармачыл жамаатынын Жалал-Абадга келишин уюштуруп жатабыз. Алардын айтышынча, Кыргызстан эгемендик алгандан бери алар Жалал-Абадга гастролго келише элек экен. Бул, биринчиден, аймактар аралык маданий алакаларды күчөтсө, экинчиден өзбек-кыргыз достугун чыңдайт. Биздин бул долбоор быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына арналмакчы, – дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы жылы июлда Бабур драма театрынын бир катар актёрлору жана Оштогу кыргыз драма театрынын бир актёру Лондондо спектакль коюп келишмекчи. Ал эми буга чейин Бабур драма театрынын жамааты Өзбекстанда “Айкөл Манас” спектаклин коюп, өзбек театр публикасынын арасында ийгилик жараткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: