Menu

Таласта өнүктүрүү фонду айыл чарба техникаларын тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн 13-апрель күнү Талас шаарынын борбордук аянтында   Талас облусунун өнүктүрүү фонду  тарабынан каржыланып алынган жалпы суммасы 27 млн. 311 миң  сомдук 12 даана айыл чарба техникалары Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондоруна тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, өнүктүрүү фондусунун администратору Дайыр Кенекеев техникаларды тапшыруу аземине катышып: “Биздин облус агрардык регион болгондуктан айыл жеринде жашаган дыйкандар, фермерлер айыл чарба техникаларына өтө муктаж, зарыл болуп тургандыктан мына ушул маанилүү ишти ишке ашырып олтурабыз”- деп айтты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы  Мухамеджан Суранчиев  маалымдады.

Облус жетекчисинин айтуусунда бул фонд 2016-жылдын 2-ноябрынан баштап иштей баштагандан бери облустун райондорунан жана Талас шаарынан жалпысы 24 айыл өкмөтүнөн 38 долбоорду каттоого алган. Бүгүнкү күнгө карата жалпы суммасы 56 млн.726 миң сомдук  23 долбоор каржыланган. Анын ичинен жалпы суммасы 27 млн. 311 миң  сомго 12 даана айыл чарба техникалары алынды.  Алынган айыл чарба техникаларынын ичинде кызылча казгыч комбайн, жер айдап себе турган тракторлор сеялкалары менен, жер тегиздеп, планировка кыла турган техникалар бар.

Учурда облустун өнүктүрүү фондусу өз ишин активдештирип, “Жарык Айыл” долбоору менен 3 проект 6 млн. 839 миң сомго каржыланды.  Мындан тышкары 3 айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу максатында 4 млн.936 миң сом бөлүнгөн. Ачыгын айтканда кыска убакыт иштегенине карабай  фонддун аткарган иштери бир топ эле көп болуп калды. Алсак, кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 2 млн.762миң сом каржыланса, Кара-Буура районундагы Чолпонбай, Бакыян айылдарындагы 2 башталгыч мектептерди курууга 8 млн.379миң сом, Боо-Терек айылындагы бала бакчага 6 млн. 497 миң сом бөлүнүп каржыланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: