Menu

ЕАЭБден эмне таптык?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын 25 жыл аралыгында 4 миллиард доллардан ашуун карызга батып, калкыбыздын 1 миллионго чукулу жан багуу үчүн сыртка чыгып кетти. Өлкө өндүрүшү токтоп, жеген ичкенибизге чейин сырттан ташып келип жатабыз. Мындай экономикалык көз карандылыгыбыздан ички өндүрүштүн алсыздыгы байкалып, кирешеден чыгашабыз  көп болуп, сырттан акча алууга мажбур болдук. Өкмөттүн ар бир жылда берген отчеттору  элдин орточо жашоосу көрүнүп турса да, жылына окшош цифраларды көрсөтүп, өсүп-өнүгүп бараткандыгыбызды айтып келишет. Эгер, экономика төбөлдөрүнүн ар жылы берген  коендой окшош “өсүү бар” дегенине ишенсек,  Акаевдин кыялынданган  Швецария болуп калууга кеминде 5 жыл мурда жетмекпиз.

2016-жылкы бюджетибиз  дээрлик 23 млрд сом тартыштык менен кабыл алынган. Анда киреше 124 млрд сом болуп, чыгаша 147 млрд сом деп белгиленген болчу. Бирок, тартыштык алар болжолдогондон көп болуп, өкмөт бюджеттин чыгашаларын секвестирлөөгө аргасыз болгон. Ал эми 2017-жылдын бюджети өткөн жылдыкынан кичине айрымаланып кирешеси 127 млрд сомду түзүп, чыгаша 150 млрд. сомдон ашуун деп белгиленди. Тартыштык болсо баягы эле 23 млрд сомдон ашып, ал ИДПнын 4,7ын түзүүдө.

Кыргызстан эгемендикке жетишкени менен экономикалык жактан толук кандуу эркин боло албастыгы акыркы жылдарда айрыкча билинди. Ар бир жаздагы айдап-себүүлөрдө майга болгон тартыштык дыйкандардын тынчын алып, өкмөткө талаптар жогорулап кетээри белгилүү. Кышкысын электр, газга болгон муктаждык Россия, Өзбекстан, Казакстансыз чечилбейт. Мына ушул жагдайларды эске алып Бажы бирлигине кирип, муктаждыктарды кыскартып, ички өндүрүлгөн товарларды тосмосу жок сыртка алып чыгып, баш калкалайбыз дегенбиз.

Тилекке каршы, ЕАЭБден Кыргызстан кандай пайда таап жаткандыгын жогорудагы экономикалык “өсүштөр” ачык көрсөтүүдө. Экономикалык жактан кубаттуу делген Белорусия, Россия жана Казакстандын товарлары Кыргызстандын ички рыногун ээлеп алды. Эксперттердин пикиринде Россия, Белорусия ЕАЭБге ушул эле максатта киргенин айтышат. Анын айынан импортко басым жасап келген жаныбыз, импорттун чулгоосунда жашап жатабыз.  “Импорт дегенди ит жесин»-деп, итатайы тутулган өндүрүүчүлөр ички керектөөнү жок дегенде 10да камсыздай албай жатышат. Бул ата мекендик өндүрүштү өлтүрүп, бюджеттин казанын калдыратууда. Мисалы,тоок эттери Кытайдан келсе, момпосуй, печенье, шокаладдардын 99ын Орусияныкы десе болот. “Кыргызстанда кеңири өндүрүлөт”-деп жүргөн өрүк кактары да Өзбекстан, Иран,Тажикстанга таандык экени таң калдырат. Базарда жайнаган бадамдар Түркиядан келет. Баткендики деген өрүктөрдүн көбү, чагылган данек, туздалган шор данектер Тажикстандан чыгат. Кантка бууланган, ширеге чыланган жер жаңгактар, чала чагылган бадамдар, мейиздер дагы Өзбекстандыкы экен. Курулуш материалдары Россия же Казакстандан кирээрин базардагы 3 түрлүү баалар ачык эле көргөзүүдө. Мунун кесепетинен баалардын  жогорулап кетүү себептерин тиешелүү тармак туруктуу кармай албай жатат. Бул, билгенге акчанын баары сыртка чыгып кетип жатат дегендик. Экономиканын кыймылдаткыч күчү акча экенин эске алсак, анда сырттан келген импорт товарларына туруштук берүү максатында Кыргызстан ириде өзү өндүргөн товарлардын сатылышын жок дегенде өз аймагында камсыздап жана коргоп алуу зарылдыгы чыгууда. Өкмөт бул боюнча кандай чараларды көрдү?.

Экономиканы иликтөөчүлөрдүн  пикири боюнча бул маселини чек аралардан аткезчилик жол менен келген товарларды тосуу, арзан насыя алуу жолдорун жеңилдетүү, насыя алууга күрөөсү жетпеген ишкерге кепил болуп берүү, өндүргөн товарын өзү сатып алуу сыяктуу жолдор аркылуу чечсе болоорун айтат. Бирок, мындай аракеттер кыргыз өкмөтү тарабынан ишке ашпай келгенине өлкөнүн өндүрүшчүлөрү менен дыйкандардын тынчын алууда.

ЕАЭБ бизге эмне берүүдө?

Ар бир иштин башталышы Кыргызстанда дайымат туруктуу кыймылда болуп, акырындап солгундоо тартат. ЕАЭБге кирген алгачкы күндөрү Кыргызстанды анын эртеңки келечеги эмес, жалпы бажы салыгынын 1, 9ыз үлүшү кызыктырганбы, айтор ЕАЭБдин кең келечегине кенен көз чаптырбаганыбыз ушул кезде билинди. Өз убагында кызуу талкууга алынган ЕАЭБдин күнгөй-тескейи айрым эксперт, экономистердин сунуш-ойлорунун аркасында кабыл алынбай, өкмөттүн өктөм сөздөрү аркылуу гана ишке ашканы белгилүү. Жыйынтыгы, өкмөттүн эч нерсеге даяр эместигин көрсөттү. Санитардык, карантиндик жабдуулардын орус тараптан кечеңделиши, ветеринардык лабораториялар, диагностика жана экспертиза борборлорунун жетишсиздиги биздин айрым товарлар азырынча ЕАЭБ алкагында сыртка чыкпайт дегенди билдирет.  Кыргыз тарап бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергени менен казактар “эт-сүтүңөр сапатсыз”-деген шылтоо менен тоскоолдук жаратышканы али эсибизде. Эми деле “түшүмдүүлүгүн мол алабыз”-деп химикат азыктарына чыланган жер-жемиштерибиз лобараториялык тосмолордон тоскоолдуксуз өтүп кетсе жакшы, ал дагы “асан кайгы” болоор.

ЕАЭБге кирүүнүн шарттарын толук түшүнбөй, “бул уюмга кирсек эле эркин соода жүргүзөбүз”-деген кыргыз өкмөтүнүн бар аракетине бул жактарын эстегенде “бали” дегенден башканы айта албай турубуз. Муну айтканыбыз, ушул эле өкмөт өткөн жылы   түштүктөгү дыйкандарга: “жазда жашылча-жемиштерди көп өндүргүлө, Казакстанга, Орусияга сатабыз”-деген. Натыйжада өкмөт товарды сыртка чыгарууга жардам бермек тургай, дыйкандарды таштап койду. Кесепети баягы эле карантиндик-санитардык жабдуулардын кечеңдеши. Тийиштүү лабораториялардын жоктугу. Дыйкандар азыр эмне эгерин билбейт. Анткени, өз өкмөтүнө ишенбейт. Маселен, былтыр түштүктө күрүч, өрүк, алча аябай жакшы түшүм бергендиги маалым. Алардын баарын Өзбекстан менен Тажикстан Бажы союзуна кирбей эле алып кетип, ошол эле оруссияда жармаңкелерди уюштуруп, “Бажы союзу аркылуу барабыз”-деген кыргыз ишкерлеринин ичин туз куйгандай туйлаткан.

Таласта төө буурчак өндүрөт. ЕАЭБге ишенип, андан үмүт арткан бир дагы дыйкан жок. “Түрктөр түгөл болсо экен”-деп Түркиядан көз албай, үмүттөрү ошол жакта. Мал жандуу нарындыктар той-ашты токтотуп, ысырапкорчулукту тизгиндейбиз дегендин “тилине тибиртке чыксын”-дейт. Себеби, семиз малдын куну той-ашы көп кыргыз “шордуунун” чөнтөгү чечип жатпайбы. Башка облустарда өстүрүлүп, өндүрүлүп жаткан товарлар деле кыргыздын бешенесине бүткөн “той-аш” базарынан багы ачылып жатпаса ЕАЭБден эмне пайда келүүдө?

Бийликтин үмүтү, ишкерлердин күйүтү

Экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргызстандын чек араларындагы 7 карантиндик-санитардык өткөрүү түйүндөрүндө жабдуулоо 45га артта калганын айтат. Анын себебин Россиядан  зарыл жардамдын берилиши кечеңдеп жаткандыгы менен түшүндүрөт.

“Техникалык регламентти аткарууга Кыргызстанга дагы 3 айдан 2 жылга чейин убакыт талап кылынат. Андыктан анын мөөнөтүн узартуу суранычы жолдонушу мүмкүн”-дейт Кожошев.

Эгер бул маселе орустардын каалаганындай чечилип, даагы 2 жылга узарып кетүү шарттары болсо Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар ошончо жыл ушул күндө көргөн азапты көрөт дегенидикке жатабы? Министрибиздин үмүтү бул, а президентткичи?

Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын жыйынында Президент А.Атамбаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенине аз гана убакыт болсо да, уюмдун алкагында өз ордун табаарына ишенээрин билдирип:

“Уюм абдан жаш. Бирок, бүгүн биз баарыбыз сезип жаткан бир жагдай- ЕАЭБ дин келечеги жана потенциалы кең. Болгону бизге эмгек жана чыдамдуулук, акылмандык жана кызматташтык керек»-деген.

Акылман элибиз эмгек кылып жатат. Кызматташтыктан кыйналып турабыз. Амалдуу түлкүгө ишенип жалтырак болгусу келген Сүлөөсүнгө окшоп ЕАЭБге чыдамдуулук деле чегине жеткендей. Кай күнү куйругубузду үзүп алаар экенбиз?

Баса, ЕАЭБ алкагында Кыргызстанды адаптациялоо максатында түзүлгөн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тууралуу кийинки сандарыбызда кенен кайрылабыз.

Күнболот МОМОКОНОВ

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: