Menu

Трамптын Сирияны бомбалоосу дүйнөнү дүңгүрөттү

Бөлүшүү:

7-апрель күнү таң эрте АКШ Сириянын авиабазаларын бомбалады. Бомбалоо Жер ортолук деңизинен туруп жасалган жана “Томагавк” атанган 59 канаттуу ракетасы Хомс провинциясындагы Сирия өкмөтүнүн “Шайрат” авиабазасын жер менен жексен кылган. Бомбалоонун кесепетинен “7 аскер адамы, 9 карапайым жашоочу курман болгон, алардын ичинен төртөөсү жаш балдар” – деп айтылууда.

Бул чабуул Сирия согушу тутангандан бери АКШнын алгачкы аскерий кадамы болду. Дональд Трамп бул боюнча элге кайрылуусунда “Ракеталык чабуул АКШнын улуттук кызыкчылыктарына төп келет” – деп билдирди. Анын айтымында, Башар Асад химиялык курал колдонууга тыюу салган Конвенцияны бузган. Анткени, 4-апрелде Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясынын Хан-Шейхун айылына авиасокку жасап, анда химиялык курал колдонгон деген оперативдик маалыматтар тараган. Ал калайманда жүздөн ашуун тынч жашоочу кырылып, 500 ашууну жарадар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Сирия авиациясы бул кыргында зарин газын колдонгон. Дүйнө коомчулугу муну адамзатка каршы кыргын катары баалап жатат. Вашингтон Сирия бийлигине карата куралдуу кадамдарына ушул жоболоңдуу окуяны себеп катары карманууда.

Пентагон өкүлү “чабуул алдынан орус, француз армияларына бир канча жолу эскертүүлөр берилип, базадагы алар жайгашкан аймакка аткылоо болгон эмес” – деп билдирүүдө. Арийне, АКШнын бул чабуулун Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө көмөктөшүп жүргөн орустар кескин пикирлер менен тосуп алды. Алгач эле орус президенти В.Путин муну “ойдон чыгарылган шылтоо менен эгемен мамлекетке карата жасалган агрессия” деп атады. Орус лидеринин билдирүүсүндө, Сирия химиялык курал-жарактарын бардык запастарын БУУнун тыкыр көзөмөлү астында жоюп, жок кылган болчу. Ошондуктан, Сирия өкмөтү Идлибде химиялык каражаттар менен карапайым калкты кырган деген сөздөр чындыкка коошпой турат. Ага улай премьер-министри Д.Медведев “АКШ менен Орусия аскердик кагылышуу коркунучунда турат” деп билдирди. Кремль БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул отурумун чакырып, маселени тыкыр кароону талап кылып жатат.

Дүйнөлүк коомчулук АКШнын ракеталык соккусун тынчсыздануу менен кабылдап, конфликттин өөрчүп кетүү коркунучу жогору деп эсептеп жатат. АКШнын Сирия базасын бомбалоосу жана ага себеп болгон Сирия аскерлеринин химиялык газ колдонуп карапайым калкты кырган фактысы дүйнөлүк державаларды эки жээкке ажырымдап, позицияларын такташууга мажбурлоодо. Алсак, Евросоюз, НАТО баштаган батыш өлкөлөрү АКШнын кадамдарын колдоп, аны дүйнөгө тынчтык орнотуунун, адамзаттын укуктарынын сакталышынын жолу катары баалап турат. Аларга Орусиянын Сирия боюнча жакын союздашы Түркия да кошулуп, “бул сокку Сирияда тынчтыкты орнотууга жакшы өбөлгө түзүп бериши мүмкүн” деп баалады. АКШ бийлиги Кремлди 2011-жылда жетишилген химиялык куралдарды жок кылуу боюнча келишимди бузгандыгын айыптап, аларды компетентсиз же Сирия менен шериктеш болгон деп билдирди. Батыш эксперттери, ошондой эле, В.Путинди Б.Асад менен тандемдешип, Сирияда кандуу дуэт аткарып жатат деп айыптап келет.

Кытай бул жаатта ортолук позицияны карманып, жаатташкан тараптарды салкын кандуулукка чакырууда. Алсак, АКШ баштаган тарапка маселени курчутпай, саясий жол менен чечүүгө чакырса, Орусия тарабын келишимдерден четтебей, саясий ымалага келүүгө үндөдү.

Кыргызстан БУУнун мүчөсү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары Сириядагы химиялык бомбалоо жана АКШнын Сирияны ракеталык аткылоосу боюнча “ак же көк” деп үн каткан жок. Бирок, айта кетүүчү жагдай, 2010-жылдан кийин кыргыз бийлиги Кремлдин бекем жетегине баш байлап, анын ички-тышкы саясатын “кыңк” этпей колдоп келгени маалым. Ошондой эле, 2015-жылы Кыргызстан орус армиясына көмөктөшүү максатында Сирияга аскердик күч жөнөтөт деген маалымат тараган. Буга орус адистеринин ЖККУга мүчө мамлекеттер, алардын ичинде Кыргызстан да Орусиянын Сириядагы операцияларына кол кабыш кылышы керек деген чакырыктары себеп болгон. Бирок, коомдогу аркы-терки сөздөрдөн соң, аягында А.Атамбаев “Орусиянын Сириядагы операцияларын моралдык жактан колдоп турабыз, бирок аскер жөнөтпөйбүз” деп тим болгон.

Айта кетсек, “Араб жазы” толкунунун шарында 2011-жылы Сирияда көп тараптуу куралдуу кагылышуулар оту тутанган. Ошондон бери Башар Асаддын режими, оппозициялык күчтөр жана “Ислам мамлекети” баштаган диний уюмдар согушуп келатат. Бул конфликтке сырткы күчтөр да активдүү аралашып, “тынчтыкты орнотуу” миссиясы менен АКШ, Европа мамлекеттери, НАТО, Орусия, Туркия сыяктуу ири державалар аскерий, куралдуу операцияларды жүргүзүп келүүдө. Коогалаң башталгандан бери эле Орусия баштаган блок расмий Дамаскты колдоого алып келсе, АКШ, Европа, НАТО өлкөлөрү Сириянын оппозициясына көмөктөшүп жатканы маалым. Ал эми дүйнөлүк эксперттер аталган лидер өлкөлөрдүн Сириядагы катышын бир жагынан нефть жана баалуу кен байлыктарды бөлүштүрүү, экинчи жагынан – аймактагы саясий таасир талашуу аракети менен байланыштырышат.

Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: