КР Футбол федерациясы «Мисс футбол-2017» сынагын жарыялады. Сынакка келбети келишкен, чыр-чатактан алыс болгон (муну мен кошуп койдум), кымча белдүү, бото көз, кырдач мурун, кара чач кыздар катышса болот. Эң негизгиси, сүрөтү футбол «жыттанып» турсун. Дарекке келип түшкөн миңдеген сүрөттөрдүн ичинен ону тандалып, «Мисс футбол-2017» титулу үчүн салгылашат. Жеңүүчү деп табылган сулуу кыз КР Футбол федерациясынын жүзү катары ар кандай салтанаттуу иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан сырткары кыргыз топ тепкичтеринин ийгилик жараткан роликтерине жана сүрөт-галереяларына тартылары анык. Эске сала кетсек, былтыр «Мисс футбол-2016» сынагынын жеңүүчүсү болуп Карина Уразова аталган. Быйыл ким болот, чамдагыла, сулуу кыздар!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ