Menu

Бостериден мыктылар көп чыкты, сыры неде?

Бөлүшүү:

Колума белгилүү экономист, социолог, философия илимдеринин доктору, профессор Кусеин Исаев агабыздын “Бостери жана бостериликтер” аттуу даректүү баян китеби тийди. Абама жолугуп, кол тамгасын алып атып, 2-3 суроо менен да кайрылып кеттим.

– Кусеин аба, колумда сиздин китеп турат. Буга чейин бирөө жарым айылы тууралуу, эли тууралуу абдан терең изилдеп жазганын чанда жолуктурдум эле, жок эсе болсо керек. Кандай себептер сизди айылы жөнүндө китеп жазууга түрткү берди?

– Менимче, буга киришкеним, кыргыз элинин жалпы акыркы үч кылымдагы тарыхы болду. Себеби, биз XIX кылымдын 60-жылдарынан тарта өз алдыбызча мамлекеттүүлүккө ээ болуу үчүн күрөштү баштаганбыз. Кыргыздар тиягы Чукотка, быягы Урал тоолоруна чейин ээн жүрүшкөн. Айтылуу Атилла мындан 1000 жыл мурун өзүнүн уруусун жыйнап, бүгүнкү Венгрияга барган. Ошо миң жылдыктын урматына мени чакырып калышты. Негизги тоюна 100 бозүй тигилип, жер-жерлерден коноктор чакырылып, анысына үлгүрбөй калдык. Кийинчерээк борборуна барганыбызда алар өз таржымалдарын мындайча айтып беришти: “Миң жыл мурун казак-кыргыз уруусу жайгашкан Кустанайдан барыппыз. Европалыктар бизди жактыра бербей, “эгер христиан динин кабыл алсаңар, анда биз силерге жер беребиз” деп шарт коюшкан. Шарттарына биз макул болуп, Будапешттин тегерек четинен жер берип отурукташып калыптырбыз” дешти. Мага сөз беришкенде “сиздер Атилла деп көкүрөк какканыңар менен үч күндөн бери бир топ китепканаңарды кыдырып, бир да жолу Атилла тууралуу китеп көрө албадым. Биз кыргыздар, байыркы кыргыздар тууралуу китептерди жазып жатабыз. Ошону менен бирге Атилла жөнүндө да куру эмеспиз” деп, Славян универиситетинде иштеген мугалимдин үч томдук китебин (кийин дагы үч томдугу чыкты) салтанаттуу түрдө колдоруна тапшырдым. Алардын 2-3 адамы кубанганынан менин белимен бекем кучактап, кубаттап, өйдө көтөрүп, “биз кыргыз менен бир элбиз” дешип, абдан сүйүнүшкөн эле. Жакшы таасир калтырып, кийин ойлоп көрсөм, биздин айыл, биздин Бостери баатырыбыз тууралуу да эч ким китеп жазмак тургай, ойлоруна да келбептир. Ошондон улам бул ишке билек түрө киришип белсендим.

– Бостери өз учурунда сиз айткан XVIII кылымдын баатыры болсо керек эле?

– Кыргыз жерин калмактардан XVIII кылымда бошоткондо Бостери баатыр чечүүчү роль ойногон, жалпы кыргыздардын башын кошуп, Тогуз-Тородон чыгып, Жалал-Абад өрөөнүн калмактардан бошотуп, кыргыз урууларын (багыш, мундуз, саяк ж.б.) өрөөн-өрөөн кылып жайгаштырып, анан Көл айланасындагы калмактар менен согушта да өзгөчө баатырлыкты көргөзүп, 1750-жылдын аягында Көл бошонот да, элдин макулдугу менен түштүккө кайра кетпей, Чолпон-Ата шаарына колтукташ азыркы Бостери жерде жайланышып калат. Баатырдыгы, эрдиги тууралуу бир эле мисал кыла кетейин, калмактар менен чечүүчү согуштардын бири азыркы Базар-Коргон, Сузак райондорунун жайлоосу болгон Чал жайлоодо өткөн. Согуш 40 күндөн ашык созулган. Алды-артынан кыргыздын армиясынын кысымчылыгы, оң-сол жагы бийик тоо болуп калмактар накта курчоодо калган. Эки жагынан тең кырыла баштаганда жансоогалап үңкүргө күргүштөп кирет. Ошол учурда Бостери атанын бутуна жаанын огу тийип жарадар болот. Анысына карабай үңкүрдүн үстүндө жамбаштап жатып алып толук башкарган. Кээ бир так эмес маалымат боюнча үңкүргө 7-8 миң калмактардын солдаты кирип, аны курмушудан, эски кийиздерден, кебезден от жагып, ошонун түтүнө ууктуруп өлтүргөн экен…

– Бул маалыматты сиз кимден алдыңыз, билгендер бар бекен?

– Бул китепти жазуу үчүн 16 жыл убакыт кетти. Айлап, жылдап изденип, улам толуктанып отурду. Менин китеп жазууда кошкон салымдары бар адамдарды атап отурсам кагаз бети чак келбейт. Ошентсе да мага алгач жардам берип, билген адамдарды тааныштырган жана мени менен кошо бир топ убакыт жанымда жүргөн Рыскул Чойбековду атабасам болбойт. Мына ушу киши менен 1991-92-жылдар бою Жалал-Абад облусу, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул (Кетмен-Төбө) райондорунда “Санжыра билет” дегендерди издеп, биргеликте тапканбыз. Албетте, өзүмдүн Бостери айылынын аксакалдары да Бостери атанын Көлгө келгендеги баатырлык жактарын айтып беришти. Мунун баары китепте болушунча толук жазылды.

— Бир кезде “Бостеринин аялдары тууса эле илимпоз тууйт” деген лакап коомчулукка таркап кеткен, ушул чынбы?

— Адегенде “Бостеринин аялдары тууса эле райисполкомду, райкомду тууйт” деп чыккан. Ошондо Кыргызстандын жалпы 13-14 райондун биринчи секретарлары бостериликтер болгон. Алардын аркасы менен сельсовет, башкарма, парткомдор, жалпы такталбаган эсеп менен Жалал-Абад, Ош облусунан 42 айылында Бостери атанын тукумунан тарагандар иштеген. Бул жагдай 1930-жылдары Сталиндин тушунда катталып, кийин репрессиянын учурунда ушулардын баары камалчусу камалып, атылчусу атылып, репрессиядан коркуп качкандары качып кетишкен. Кыргызстандын партиялык-советтик бийликтин эң жогорку чегине жетилип, бир күндө (1936-жылы, 6-ноябрь) Керим Кенебаев, Асанкан Жээнбаев, Мукаш Далбаев, Токтосун Достоевдер атылып, булардын ага-туугандары “жактоочулары” катары түрмөгө камалган. Мунун баары китепте бар. Кийин ХХ кылымдын орто чендеринен баштап, бостериликтер илим-билимге ыкташып, мыкты мугалим, мектептин директорлугуна чейин жетип, алардан таалим-тарбия алгандар жогорку окуу жайда окуп чекесинен илимпоздор, окумуштуулар чыга баштайт. Эң алгачкылардан болуп академик Аман Мамытовду, Табылды Абдылдаевди, Абакун Казакеевди, Орозобек Шайымбетовду, Акбай Исаевдерди айтса болот. 1970-жылдары илимдердин кандидаттарынын жана докторлорунун саны боюнча Кырызстанда эң алдыңкы орунга көтөрүлгөн. “Бостеринин аялдары төрөсө эле окумуштуу төрөйт” деген легенда пайда болуп, кеңири тараган. Тилекке каршы, 1980-жылдардан тарта бу жагдай да солгундап кетти. Бул чоң көйгөй боюнча китебимде кенен жазылган, түшүндүрмө да берилген. Бүгүнкү күндө Бостериден эки гана аспирант бар.

— Кусейин аба, кечээ жакында эле Ысык-Көл облусунун губернатору болуп шайланган Узар Жылкыбаев да Бостери атанын тукумдарынан болобу?

— Узар Жылкыбаев бостерилик, Бостери атанын тукумунан. 1936-жылдан кийин биринчи жолу облустук деңгээлдеги жетекчи. Азырынча бирөө эле, бул тарыхый чындык. 80 жылдан кийин. Бостери мектеби мыкты болуп турганда бүткөн. Алматыда окуду. Көп кызматтарда иштеди. Атасы Жылкыбаев Казы Ысык-Көл районуна караштуу Таштак (Каменька) айылында 16 жыл башкарма болгон. Булардын ата-теги, санжырасы толугу бойдон китепте чагылдырылды. “Эр тайын тартат” болуп, Узардын таякелеринде “кеп” жатат. Биздин Бостери айылында саяктардан тышкары Кутчу уруусу да бар. Ошол Кутчу уруусунан Байбосундары эң мыкты чыгышкан. Байбосундан Ыбырай, Ысмайыл, Белек, үч уул. Ыбрайдын Зинакан деген кызын Ысмайыл багып алган. Бу киши азыркы Көлдүн губернатору Узардын апасы. 80ден ашып калды, күүлүү-күчтүү. Узардын таякелери, чоң таякелери эл башкарган, калыс, ичип-жебеген адилеттүү адамдар. Жанагы мен айтып аткан “кеп” жатат дегеним ушу…

Булак: Азия Ньюс
Read more at http://www.asianews.kg/zhanylyktar/bosteriden-myktylar-kop-chykty-syry-nede#Ypk0Bwjt2SM6vQaY.99

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: