Menu

Бишкек-Кара-Балта жолу: Бир чакырымы 1, 5 млн доллар!

Бөлүшүү:

Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендерден утуп алган кытайлардын China Railway № 5 компаниясынын жана жолго жумшала турган каражаттын айланасында күмөн туудурган жагдайлар арбын.

Сокулукка барсаң солкулдап
Бүгүнкү күндө Бишкектен Сокулукка барган жүргүнчү жолдун азабын аябай эле тартып келет. Борбордон маршруттук таксиге түшкөн карапайым калк Сокулукка жеткенче солкулдап, ичеги-карын үзүлүп калмай болду.  Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков “Бишкектен Кара-Балтага кеткен жолдон машина эмес, эшек араба да өтө албай калды, жок дегенде чуңкурларын ондоп койсоңор боло”  деди. Кан жолдун ар кайсы жери оюлуп-тешилип, оңдоло баштаар күндү күтүп турат.
Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоонун айланасындагы тендер маселеси чууга айланып барып, акыры жеңүүчү аныкталды. Тендерде эң арзан бааны сунуштаган кытайлардын China Railway № 5 компаниясы утуп чыкканы маалымдалды. Бул компаниянын тендерден утуп чыгышына  жолду оңдолушун каржылаган Азия өнүктүрүү банкы да кызыкдар болгону айтылууда.Ушул жылдын 28-мартында Транспорт жана жол министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо боюнча China Railway №5 компаниясы менен келишим түздү. Жолдун ремонтуна 70 млн ашык доллар бөлүнөрү каралган.
“70 млн долларга эски жолду бүтөбөй эле, Транспорт министрлиги жаңы жол салып коюу жагын караштырса болмок” деди ЖК депутаты Талант Мамытов комитет жыйынында.
Эгер иш ойдогудай жүрсө, эки жарым жылда жол оңдолуп бүтөт. Дагы бир жыл жолдун ой-чуңкурун жабууга кетип, баш-аягы төрт жылга чукулдап бармакчы. Ойдогудай болбой калса, компаниянын банк кепилдиги туурасындагы күнгөй-тескей чечилбеген жагдайдан улам дагы да  көйгөй жаралбай койбойт дешет ЖК депутаттары.

“Силерге Сталин гана жетишпей турат!”

Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги комитет талкуусунда Бишкек-Кара-Балта жолунун төбө чачты тик тургузган жаңы жагдайлары дагы ачыкка чыкты.
“Каратып туруп элдин энчисинен 10 чакырымга жакын жолдун ремонтун кыскартып салышыптыр.  Подрядчынын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы корголуш керек эле” деди депутат Жаныбек Бакчиев.  Айткандай, жолдун ремонту мурда айтылгандай, 9-чакырымдан эмес, 15-чакырымдан баштап салына турган болгонунун себеби каражаттын тартыштыгынан улам деп айтылууда.
Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев бир чакырым жолдун ремонту 1,5 млн доллар болорун айтып жатат. Жол “Б” категориясына кирип, тротуары, жарыгы, жашылдандыруусу, бетон менен бөлүнгөн тилкеси  менен болору күтүлүүдө.
ЖК депутаты Алтынбек Жунус уулу “Силерге Сталин гана жетишпей турат” деди. “Эгер сураштырып көрсөңөр бир кубометр асфальт 100 доллар. Ал эми 300 доллар дегенди кайдан алдыңар? 44-45 чакырым түптүз жолго 70 млн доллар жумшалат. Кытайлар шагылды Пекинден же Америкадан алып келет бекен? Ошолордой эле кытай компаниясы шагылды 1 кубометрине 128 доллар, “Лонг хай” 138 доллар, ал эми China Road компаниясыныкы 300 доллардан болуп кетеби? Бул абдан эле уят” деди депутат.
Ошол эле кезде Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев алгачкы план боюнча жол 9,3 чакырымдан башталмак, бирок каражаттын тартыштыгынан улам 15,9 чакырымдан баштала турган болду деп айтууда. Ал эми жолго жумшалчу каражат жарыгы,  жашылдандыруусу, көрктөндүрүүсү жана башкасы деп отуруп, бир чакырым жол 1,5 млн долларга бааланып жатат.
“Бишкек-Кара-Балта жолу саясий өңүткө өтүп кетти. Долбоорду ишке ашырууга абдан катуу көзөмөл болот. Анын ичинде Транспорт министрлигинин үстүнөн. Биз долбоорду өз убагында бүтүрөбүз” деди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков парламент трибунасынан.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: