Menu

Видео – Жети-Өгүздө коронавируска ишенбегендер, жолдорду тосууга каршы чыккандар митинг өткөрүштү

Бөлүшүү:

“”Коронавирусту айыкпайт, мунун вакцинасы жок” деп жатышат, туурабы? Жок деп жатышат да биздин канча жүз миңдеген врачтар айыгып жатышат, “мына ар бир врачка 3 миң доллардан кетти” деп интернеттен жазып жатышат. Өздөрү ооруп, кайра өздөрү айыктырып алып жатышат, Биякка келип да эртең ошону башташат врачтарыбыз. Бизде мамлекетке, акимиятка же Жогорку Кеңешке эч ким ишенбей калды. Элдин баары ишенбейт. Силерди жек көрүп калышты. Мындайча айтканда элдин канын соруп жатасыңар. Мына, Жогорку Кеңештин төрагасы өзү айтып жатат: “Бир адамдан бир адамга жуктурса бизге ошол утуш” деп, өзү айтып жатат Жогорку Кеңеште олтуруп алып. Силер келип алып бул жерде ошону айтып жатасыңар “иштеп жатабыз” деп. Силер иштеп жатасыңар, бирок ошол жерден кайра акча жасап жатпайсыңарбы!”, – дейт митингдин лидерлеринин бири кечээ, 18-майда Жети-Өгүздө район жетекчилерин жарга такап.

“Канча акча жасап жатыпбыз?” – деп аким каяша кайтарып баштады эле анын сөзүн кайра жулуп кетишти.

“Жасабаганыңар кана? Бир постко келип, бир жардам бердиңерби? Мына, Губернатор, Фонд развития жардам берип жатат. Силер бир жардам бердиңерби? Эч нерсе берген жоксуңар. Биз өзүбүздү-өзүбүз коргоп жатабыз. Маалымат дейсиңер, маалыматыңардын 90% калп да. Жигиттер, эл журт, туугандар акимге сөз берели, угалы, анан эртең бир нерсе болуп кетсе айыл 100% чыгат да керек болсо акимди өзүбүз коёбуз, өзүбүз менен өзүбүз күрөшпөсөк, биз менен эч ким күрөшпөйт. Өзүбүз менен өзүбүз күрөшөбүз, ооругандардан эч кимди киргизбейбиз. Андай эле жардам берүүнү кааласаңар эмне үчүн курортко алып барбайсыңар? ” – деп митингдин лидери район акимине суроо узатты. “Курортко деле алып барбадыкпы!” – деп жооп кайтарды район акими.

“Жок, врачтарды эмнеге ошол жакка чоогу алып барбайсыңар?” – деп кекетти митингдин лидерлеринин бири.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: