Menu

Президент иш башкармалыгында айдоочуларды тескеген ким?

Бөлүшүү:

Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгында күйүүчү майларды үнөмдөөнү чечишти. “Автоунаа ишканасы” мамлекеттик мекемеси күйүүчү майлардын электрондук эсебин ачып, автоунааларга GPS-навигаторлорду орното баштады. Бул иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санараптештирүү жылынын алкагында жүрүүдө.

“Бизге күйүүчү майлардын эсеби менен үнөмү абдан маанилүү. Бул системаны жүзөгө ашыруу үчүн көп убакыт кетти. Коңшу Казакстанда жылына бөлүнгөн каражаттардан 30 пайыз үнөмдөп калышат экен”, – дейт мекеменин директору Жоомарт Аманалиев.

“Автоунааларга май куюучу колонканы атайын эсептегич менен жабдыдык. Эгерде машинеде эсептегич болбосо – май куюшпайт. Бирок азыр 243 машиненин жүзүнө эле орноттук. Мындан тышкары, автолорго GPS-навигатор коюп жатабыз. Мунун натыйжасында ар бирин көзөмөлдөп калабыз. Канча литр куйду, канча километр жүрдү, айдоочу каякта, баарын билип турабыз. Бардык маалымат диспетчердин компьютеринде реалдуу убакта көрсөтүлүп турат. Азыр айдоочулар көзөлдөнүп жатканын билип, маршруттарын сактап калышты. Мурда “делегация менен жүрдүк, тигил жакка бардык, бул жакка бардык” деп шылтоо айта беришчү. Эми анте алышпайт”, – дейт ал.

Жоомарт Акматалиевдин айтымында, жыл сайын автоунаа токтотуучу жай майга 12-15 млн сом коротот. Негизинен мамлекеттик иш-чаралар, делегациялардын келгени тейленип келген. Бул долбоор мамлекет үчүн 3 млн сомго турган. Эң кымбаты – программалык камсыз кылуу.

“Бул система күйүүчү майлардын кеткенин автоматташтырып койду, мониторинг кылганга да ыңгайлуу”, – дейт Жоомарт Аманалиев.

Жакынкы планда – колдогу бардык автоунааларды атайын көзөмөлдөгүчтөр менен жабдуу болуп саналат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: