Menu

Долбоор: Кыргызстандын мекенчил күчтөрүнүн меморандуму (Кеңири тактама-негиздеме)

Бөлүшүү:

Биз төмөндө кол койгон саясий-коомдук жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер:

  1. Кыргызстан өзүн-өзү көз карандысыз, эгемендүү мамлекет катары бүткүл дүйнө жүзүнө жарыялаган алгачкы күндөн бери эгемен доорунда түптөлгөн, курулган, жаралган, бекемделген өлкөбүздүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймагынын бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактоо айрыкча ар бир кыргыздын ыйык атуулдук парзы экенин эстен чыгарбай;

Элибиздин, мекенибиздин келечегине кайдыгер эмес экенибизди тастыктап;

Эгемен доорундагы мамлекеттик бийлик ээлери айрым маселелерде өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, элибиздин биримдигине шек келтирген сырттан “импорттолуп” келип жаткан мамлекетибиздин ички жана тышкы саясий-экономикалык, социалдык, маданий саясаттарына, улуттун кайра жаралуусуна, улуттук каада-салтыбыздын, тил, динибиздин, тарых, маданиятыбыздын түпкү калыбына келтирилип, өсүп-өнүгүүсүнө, заманбап жаңылануусуна кедерги болгон, кыргыздардын байыркы жоокер мүнөз, ар-намыстуу болуп жаңылануусуна терс таасирин тийгизген саясаттарын айыптап;

Эгемендүүлүктүн 26 жылдык доорунда улутубуз кайра жаралуунун, өлкөбүз саясий-экономикалык жактан так, ачык, туура жолун таба электигин моюнга алып;

Эгемен доорундагы саясий тар чөйрөнүн каалоосу, кызыкчылыгы үчүн жана коомчулуктун көзүн будамайлоо максатында өткөрүлгөн ондогон конституциялык реформалардын, эки элдик революциянын келип чыгышынын, анын тарыхый, саясий-экономикалык жана социалдык себептерин, пайда-кесепеттерин терең изилдеп, анализдеп;

Эгемен доорундагы конституциялык реформалардын кесепетинен мамлекеттик бийлик бир адамдын — ​Президенттин жеке авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруусуна алмашылганын, анын натыйжасында Кыргызстанда коррупциялык коом орнотулуп, ага чыдабаган эл тарабынан алгачкы эки Президент өлкөдөн куулуп чыгарылса да алардын бекемдеп куруп кетишкен коррупциялык схемалары, өлкөнү башкаруунун авторитардык түрү сакталып турганын белгилейбиз.

  1. Биз Кыргызстанды коррупциядан тазалануунун, мамлекетти башкаруудагы авторитардык режимди кулатуунун, улутубузду кайра жаңылоонун жолун, үчүнчү элдик революциядан көрбөйбүз, биз аны мыйзамдын күчтүү диктатурасынын орношунан, мамлекеттик бийликтин жалпы элге көз карандылыгынан, ал үчүн элдик курултай институтунун мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү эң жогорку орган катары Конституцияга киргизилишинен, ар бир кыргыздын жүрөгүнөн, айкөл Манас атабыздын айбаты менен намысы, баатырдыгы орун алышынан, ыйман жолундагы жан дүйнөнүн революциясынан көрөбүз;

Алгач эгемен мезгилинен бери Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы, эгемендиктин ээси Кыргызстандын эли — ​деп аныктап, бекемдеп келебиз, бирок ошол бийликтин булагы, эгемендиктин ээсинен бир жолу да жөнөкөй гана: — ​Сага кандай бийлик керек? Президенттикпи же Парламенттикпи?- деген эки суроону референдумга чыгарып сураган жокпуз;

Ошол мамлекеттик бийликтин булагы, эгемендиктин ээси болгон элге: — ​Өзүң түзгөн, өзүң шайлаган Президент менен Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн ж. б. мамлекеттик бийликтин аткарган иштери боюнча отчетун алып, контролдоп тур, — ​деп укук бербедик. Бул демократиянын башкы принциптеринин жетишсиздиги болуп эсептелет;

Демек, Кыргызстандагы бүгүнкү коррупциялык коом менен Президенттик жеке башкаруу — ​мамлекеттик бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги жоктугунан пайда болгон жана жашап жаткан өлкө жана улут үчүн эң коркунучтуу социалдык ооруу деген тыянакка келебиз;

  1. Мындай ооруудан айыгуунун жолу деп биз төмөндө кол коюп бириккен саясий күчтөр: “Улуттук кайра жаралуунун ачкычы — ​элдик курултайда” –деген улуттук идея алдында биригебиз;

Бул улуттук кайра жаралуу идеясын ишке ашыруунун жолу катары кылымдарды карытып, ата-бабаларыбыз колдонуп келген элдик курултайды Кыргызстандын баш мыйзамы болгон Конституциянын 2-беренесинин 2-пунктуна төмөндөгүдөй редакцияда өзгөртүү киргизүүнү учурдагы коомдук-саясий зарылдык деп эсептейбиз.

“2-берене,

… 2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо, референдумдарда жана элдик курултайларда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

Элдик курултай — ​нукура элдик бийликтин эң жогорку багыттоочу жана көзөмөлдөөчү органы катары мезгил-мезгили менен чакырылып, коомдук башталыш тартибинде иштейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президенти жана башка Конституцияда аныкталган мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары өздөрүнө жүктөлгөн мамлекеттик иштер боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү элдик курултайда отчет берүүгө милдеттүү. Эгерде элдик курултайдын жалпы делегаттарынын үчтөн экисинен көбү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин канааттандырарлык эмес деп тапса, анда Жогорку Кенеш өз мөөнөтүнөн мурда таркатылууга жатат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин, башка мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын аткарган иштерин элдик курултай канааттандырарлык эмес деп тапса, анда алар 3 күндүк мөөнөт ичинде мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан четтетилди деп таанылат.

Элдик курултайдын түзүмү, курамы, аны чакыруунун, делегаттарын шайлоонун жол-жоболору, ыйгарым укуктары иштөө тартиби элдик курултайда каралуучу маселелердин тизмеги ж. б. конституциялык мыйзам менен аныкталат”.

  1. Бул өзгөртүлө турган Конституциянын 2-беренесинин 2-пункту мамлекетибизге, элибизге эмне алып келет?

Өзгөртүлгөн конституциялык жобого ылайык өлкөбүздө тийиштүү конституциялык реформалар жүргүзүлүп, мыйзамдар менен нукура элдик бийликтин күчү бекемделип, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кенештин депутаттары азыркыдай Президентке, же анын жакындарына, партиясына кызмат кылбай, мыйзамдын негизинде жалпы элге кызмат өтөйт.

Ошентип өлкөдө 26 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан Президенттердин жеке авторитардык режими өзүнөн-өзү, революциясыз эле биротоло кулап, ордуна мыйзамдын диктатурасы орнойт. Бир адамга, анын үй-бүлөсүнө, партиясына кызмат өтөшкөн кошоматчылардан, саясий “сойкулардан” коом тазаланат. Бийликке таза, ыймандуу, билимдүү, иш билги адамдар келет. Өлкөнүн ички-тышкы саясаттары бир адамдын каалаганындай болбой, элдин кызыкчылыгы артыкчылыкка ээ болот.

Кыргыз элинин байыртадан жашап келген үрп-адаттарын, салттуу мусулманчылык заманбап колдоого алынып, азыр коомубуздун жашоосунан орун таап өнүгүп бараткан, кыргыз улуту үчүн байыртадан жат көрүнүш болуп келген кошоматчылык, жүгүнүүчүлүк, саткынчылык, чыккынчылык, эки жүздүүлүк, саясий “сойкулук” улуттук деңгээлде айыпталган — ​таза коом үчүн бириккенибизди жалпы журтка расмий жарыялайбыз. Биз жаңы бийлик, жаңы коом, жаңыланган улут үчүн бириктик.

А. Бекназаров тарабынан даярдалды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: