Menu

Бекбосун Бөрүбашев, саясат таанучу: “Президенттик шайлоонун жылдырылышы саясий кызыкчылык”

Бөлүшүү:

Соңку бир аптадан бери президенттик шайлоонун мөөнөтү коомчулукта талкуу жаратууда. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы баш мыйзамга таянып, өлкө башчысын шайлоону август айында өткөрүүнү сунуштап чыкты. Ал эми парламенттеги көпчүлүк коалициянын айрым депутаттары менен БШК болсо КРнын президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембисинде өтөөрү белгиленип жатат. Коомчулукта ар кыл бүдөмүк ойлорду жараткан президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу айрым суроолорубузга жооп алуу үчүн юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевге кайрылдык.

-Президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу зарылчылыгы эмнеден келип чыкты дейсиз?

-Президенттин мөөнөтү эки негизги документте белгиленет. Баш мыйзамдын 61-беренесинде жана 2011-жылы президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн. Ушул эки мыйзамдын негизинде өткөзүшүбүз керек. Президентти шайлоо мөөнөтүн жылдырыш керек деген топко кошулбайм. Бул кайсы бир күчтөр же “Ата Мекен” партиясы көтөрүп атат. Буларды колдогондор да бар. Булардын сунушун кабыл алуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө туура келет.

-Демек, президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушу саясий кызыкчылык дегенге кошуласызбы?

-Саясий кызыкчылык дегенге кошулам. 5-чакырылыштын депутаттары шашылыш кабыл алып коюптур деп чыгышты. Мыйзамды эч качан шашылыш кабыл албаш керек. Ким мыйзамды шашып кабыл алса, ал туура эмес болуп калса өзү мыйзам алдында жооп бериш керек. Мыйзамды өзгөртүү үчүн көп убакыт керек. “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бир жыл мурда ушул маселени көтөрүп, мыйзамдагы дал келбестиктерди айтып чыгышса болмок. Аларда толук кандуу мүмкүнчүлүк бар эле да. Парламентте депутат болуп отуруп алып “эми өзгөртө калалы” деп чыккандарынын өзү уят. Президенттик шайлоо кайсы маалда болоору элди кызыктырбайт. Эл шайлоодон алыстап калган. Бул саясатчылардын жеке кызыкчылыгы болуп жатат.

-Шайлоонун мөөнөтү бери жылып калса, шайлоо өткөрүүгө жетише алабызбы?

-Шайлоого катышабыз дегендер даярдыкты эчак эле башташкан. Топ-топко бөлүнүшүп, өз алдынча иш жүргүзүп жатышат. Мен шайлоонун даярдыгына эмес, шайлоонун кандай өтөөрүнө бушайман болуп жатам. Шайлоо демократиялык шайлоо болобу же электрондук шайлоо болуп калабы бул чоң маселе.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: