Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 25-апрелдеги баяндамасына караганда, былтыр дүйнөдө 259 журналист камалган, бул уюм байкоо жүргүзө баштаган 1990-жылдан берки эң чоң көрсөткүч дегенди билдирет.
Ошондой эле акыркы беш жылда 332 журналист өлтүрүлгөнү, ал да буга чейинки эң чоң статистика экени белгиленет. “Негизи бул журналисттер үчүн эң коркунучтуу жана кандуу учур”,- дейт комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон.
Жоэл Саймон социалдык түйүндөрдөгү түрдүү сайттар ачылып жатканына, смартфондор кеңири колдонулганына карабай, репрессивдүү өкмөттөр медиа жана журналисттер менен күрөшүн күчөткөнүн баса белгилеген.
Баяндамада Саймон репрессиялык өкмөттөр медиаларды моюн сундурууга жана аларды демин басууга көп убакыт жана күч коротуп жатканын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ