Menu

Абибилла Кудайбердиев, генарал-майор: “Кашкардын биринчи жасаган кадамдары туура багытта баратат”

Бөлүшүү:

Рубрика сынына бул сапар ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди чыгардык. Ооматы артып, экинчи ирет бул тармакты башкарып жаткан милициянын генерал-майору ИИМ системасындагы «дыңды бузуп», эл күткөн реформаларды жасай алабы? Калкка ырайымсыз мамиле кылып, укук тебелеген алкы бузук кызматкерлерди тазалоого алы жетеби? Эмесе, бүтүндөй өмүрүн бул тармакка арнаган генералдын өзүнө жана ишине карата коомчулук көзүндөгү эрендердин пикири кандай экенине кызыгып көрдүк.

Абибилла Кудайбердиев, генарал-майор: Генерал Кашкар Жунушалиев ИИМ жетекчилигине келгенден бери өздүк курам жана эл ичинде жакшы сөздөр айтыла баштады. Ага карата «тармактын «эки тизгин, бир чылбырын» колго алганына аз убакыт болсо дагы өзгөрүүлөр жымың-жымың эте көзгө көрүнө баштады» деген сөздөр жүрөк жылытат. Жетекчи катары жөнөкөйлүгү, кол алдында иштегендер менен жакындан сүйлөшүүсү, кечээ жакында өлкөбүздүн көптөгөн аймактарын кыдырып, мурдагы министрлерге окшоп кымбат баалуу жолтандабастар менен жүрбөстөн, жергиликтүү милиция өкүлдөрү менен биргеликте кичи автобуска отуруп, баарын таңкалтырып отурат. Жунушалиев экинчи ирет министр болуп келери менен кадрдык жүрүштөр туура нукта чечиле баштады. Чыныгы ишбилги профессионалдар дайындалып жатканына өзүбүз күбө болуп жатабыз. Жандуу мисал катары, милициянын аброюн кетирген министрдин мурдагы орун басарынын ордуна кыргыз кыйырына белгилүү опер, кезегинде кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү эрдиги атпай кыргыз журтуна дүң болгон, тажрыйбалуу адис Мирлан Каниметовду өзүнө орун басар кылып дайындап алганын баса белгилеп айтсак болот. Өзүнө орун басарлыкка ушундай профессионал кадрды тартуу менен министр өз жолун туура тандады. Эми Кашкардын келгенине аз эле убакыт болду, биринчи жасаган кадамдары туура багытта баратат.

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: