Тажикстанда эки ай мурда камакка алынган «Олими Каримзод» компаниясынын жетекчиси жана «Олим Текстайлз» текстиль фабрикасынын ээси Жамшед Абдулов эркиндикке чыкты. Ал “Тоджпромбанкка» $15 млн. өлчөмүндөгү насыяны кайтарып берген эмес деп айыпталып жаткан.
Милициядагы булактар Жамшед Абдулов 20-декабрь эртең менен эркиндикке чыкканын билдиришти. Бирок тергөө абагынан кандай шарттарда чыкканы белгисиз. Абдуловдун туугандары ал карыздарын төлөп бергенин билдиришүүдө.
Азырынча бул боюнча тергөөчүлөр эч кандай комментарий бере элек. Булактар билдиришкендей, Жамшед Абдулов «Тоджиксодиротбанкка» дагы 4 млн доллар карыз болуп калган. Камакта жаткан маалда ал бул карызын дагы, ошондой эле «Тоджпромбанктан» алган 15 млн долларды дагы төлөп берген.
Жамшед Абдулов тажик вице-премьери Давлатали Саид «Тоджпромбанктын» кардарлары менен жолугушкандан кийин кармалган. Алар Абдулов баш болгон бир нече олигархтар банктан алган насыяларын төлөбөй, акчаларын ала албай жатышканын айтып даттанышкан.
Жамшед Абдулов 2010-жылы өлкө президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылган «Олим-Текстайлз» ишканасына ээлик кылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ