Menu

ОшМУда “Белегим куран болсун” долбоору ишке ашты

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик университети жана Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгы тарабынан, Ыйык Куран китебинин кыргызчаланып которулган варианты басылып чыкты. Курани Карим Түркия Диянет Фондунун “Белегим куран болсун” долбоорунун алкагында даярдалып, учурда 10 000 нускада басылып чыгып, алгачкы презентациясы 18-декабрда ОшМУда уюштурулду.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, ага окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы, Ош облустук казыятынын өкүлдөрү жана Түркиядан келген бир катар коноктор катышышты. Жыйынды алып барган ОшМУнун теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов Түркия Диянет Фондунун долбоорунун алкагында басмадан чыккан Куран китебинин алгачкы презентациясынан кийин Теология факультетинин жамааты тарабынан өлкөбүздүн жети дубанындагы мусулмандарга белек катары таратылып берилери айтылды.

Түркиянын элчисинин дин иштери боюнча атташеси Мустафа Шанвер Түркия Диянет Фонду демилгелеген “Белегим куран болсун” бул долбоору учурда улантылып, дүйнөнүн 150дөн ашуун мамлекеттеринде элдин сүйлөгөн тилине которуу иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи жана демилгени колдогон ОшМУнун жетекчилигине, Теология факультетинин жамаатына, окумуштуу-аалымдарга ыраазычылыгын билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө Ыйык Куран, “Белегим куран болсун” долбоору тууралуу тартылган видео-ролик, слайддар көрсөтүлүп, соңунда жыйынга катышкан ар бир катышуучуга Ыйык Куран китеби белекке берилди. Ыйык Куран китебинин кыргызча котормосу Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай жана Садибакас Дооловдор тарабынан даярдалган.

Белгилей кетсек, ОшМУнун Теология факультетинде эмгектенген окумуштуулар тарабынан акыркы 2 жылда теология факультетинин окутуучулары, студенттери тарабынан 50дөн ашуун диний сабаттуулукту арттыруу боюнча жана балдарга арналган китептер кыргызча которулуп, жалпы журтка акысыз белек катары таркатылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: