Menu

Тажикстанда май куюу түйүнүнүн жетекчилери дагы эки ай камакта болушат

Бөлүшүү:

Душанбенин Фирдавси райондук соту Тажикстанга мунай продуктуларын жеткирүү жана сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын жетекчилеринин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Компаниянын түзүүчүсү Ражабали Одинаев менен директору Идибек Ибрагимов быйыл октябрда камакка алынышкан.

18-декабрда Одинаевдин адвокаты Хисрав Аюби сот чечимине макул эмес экендиктерин жана ал боюнча даттана тургандыктарын билдирди. Айтымында, тергөөчүлөр компаниянын өзүндө да текшерүү иштерин улантып жатышат. Буга чейин компания ишмердүүлүгүн токтоткондугу кабарланган.

«Умед-88дин» жетекчилерине каршы насыя иретинде берилген ири суммадагы акчаны уурдоо жана кызмат абалын кыянат пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал ортодо тергөөгө жакын өз булактар кабарлашкандай, учурда кылмыш ишин тергөө аяктап калды жана январда материалдар сотко жөнөтүлүшү мүмкүн. Азырынча компаниянын мүлктөрү камакта калууда. Мурдараак Ражабали Одинаевдин туугандары бийлик компаниянын мүлктөрүн сатууга тыюу салганын билдиришкен.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, Каржы министрлигин түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя бергенин сынга алган. Анын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып бере албай келет.

«Умед-88» 1996-жылы негизделип, Орусиядан, Казакстандан жана Түркмөнстандан күйүүчү май алып келүү менен алектенет. Быйыл күзгө чейин компаниянын өлкөдө 70тен ашык май куюучу жайы иштеп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: