Menu

Премьер-министрлик кызматка Узарбек Жылкыбаев көрсөтүлөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнда УКМК тарабынан $500 млн бааланган коррупциялык кылмышка шектелип жаткан КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүү тууралу арыз жазгандан кийин анын ордуна КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин талапкердиги көрсөтүлүп жаткандыгы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, КР ЖКнын башкаруучу көпчүлүк коалициясы 17-июнда Узарбек Жылкыбаевдин премьер-министрлик кызматка талапкердигин талкуулайт.

Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылында  туулган. Буга чейин ал Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаттарды башкарган.

2015-жылы Атамбаевдин КСДПсынын тизмеси аркылуу КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Ошол кезде ММКлар Узарбек Жылкыбаевди КСДПнын тизмесине Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кримтөбөл Камчы Көлбаев киргизген деп жазышкан. Бирок Узарбек Жылкыбаев мындай маалыматтарды четке кагып, Камчы Көлбаев менен спорттук оюндар аркылуу гана тааныш экенин билдирген.

2017-жылы Атамбаевдик бийлик тарабынан Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган.

2018-жылы кызматтык ротациянын негизинде Узарбек Жылкыбаев КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп которулган.

Ысык-Көл же Ош облусун башкарууда өзгөчө бир башкаруучулук талантын көрсөткөн эмес.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: