Жогорку Кеӊеш талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунуш кылынган Жоошбеков Заирбек Сулаймановичти Эсептөө палатасынын аудиторлугуна бекитти. Бул кызмат орду буга чейин убактылуу бош турган. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Заирбек Жоошбеков парламентте ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Заирбек Жоошбеков 1962-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ