Menu

Канаты кайрылбаса болду

Бөлүшүү:

Койчунун таягына сөйкөнгөн эчкинин тагдыры аянычтуу болорун ким билбейт. Анын сыңарындай түз келатып эле капыстан сөздөн мүдүрүлгөндөр болорун деле байкап калуудабыз. Аларды азыткыдай астырып жибергендер деле жыргалга батып калбайт экен. Бирөөгө чуңкурду абайлап казбасаң өзүңдүн шоруңа деген кеп бекерден айтылбаган окшобойбу? Негизи кыргыздын ар бир макалында терең философия жатат.

Кезинде Канат Исаев деген жигиттин ыргыткан ташы мелжеген жерине тийип, коомчулукта жылуу пикир жылоологон. Көз тийдиби, же эдиреңдеп көөп кеттиби айтор былтыр күздө ала салган бойдон оңоло албай жүрөт. Эртеңкиси шектүү үлкөн лидердин куйругуна жабышам деп куруду. Баштагы адатынан жазбай бир калыпта кадамын таштаганда ар балээден алыс болмок. Эми башкасы аз келгенсип көзү ачык Света Тойгонбаева аны келекелеп менин алдыман өтпөсөң биротоло кара дуба менен соолутам деген “сунушун” соктуруп жаткан кези. Айласы кетип турганда анын айтканына деле аргасыз макул болоттур? Мындайда жети тарабыңан “душман” тооруйт турбайбы? Аттиң, кайсыл күнү кандай кара теке сени сүздү эле дегендер арбыды. Өсчү жигиттер ушинтип өзүлөрү жаза басып кетерине не дейбиз? Абайлап жүрбөсөң саясат сени паралич кылып таштоодон кайра тартпайт. Дегинкисинде депутат болуп отурган Исаевдин абалынын оңолушу оор болуп калгандай…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: