Menu

Трамп үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачабы?

Бөлүшүү:

Акыркы маалда ири державалардын жүрүм-турумунан улам, дүйнө чоң чатак чыгып кетүү коркунучунун алдында турабы деген сөздөр көп айтыла баштады. Үчүнчү дүйнөлүк согуштун илеби жыттанып жатканын дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Ушул жуманын башында АКШнын жакында шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйгө бардык 100 сенаторду чакырып, Түндүк Кореянын маселеси боюнча чогулуш жасады. Буга чейин Ак үй Түндүк Кореянын ракеталарды сыноодон өткөрүп жаткандарына жооп катары согуштук учактарды ташуучу кемелерди окуу өткөрүү шылтоосу менен ошол аймакка жакындатып алып барган. Муну Түндүк Корея АКШ тарабынан жасалган шантаж деп сыпаттаган жана анысын токтотмоюнча ядердик жактан күчтөнө берерин жарыялады. 100 сенатордун чогулушунан кийин Ак үйдүн өкүлү учурда Түндүк Кореяга карата экономикалык чара көрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

Ошол эле маалда АКШнын жарандары тез арада Түштүк Кореядан эвакуацияланып жатканы боюнча маалыматтар чыкты. Өлкөдөн 230 миң америкалык чыгып кетүүгө даярданып жатышат. Эгерде АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси курчуп кете турган болсо, АКШ жарандары дароо чыгарылып кетүүгө даяр. Түштүк Кореянын борбор калаасы менен Түндүк Кореянын чек арасынын ортосу 60 гана чакырым. Бул аймак Түндүк Кореянын 12 миң артиллериялык куралдарына жеткиликтүү жерде жайгашкан. АКШнын ою боюнча согуш чыгып кетсе, бир сааттын ичинде КЭДР (Корей Эл Демократиялык Республикасы) Түштүк Кореяны көздөй жарым миллионго жакын ракета аттырат. Бул ракеталарда уулуу газдар да болушу мүмкүн, деп жазылат басылмаларда.

Буга чейин Япония дагы Түштүк Кореядан өз жарандарын алып чыгып кетүүгө даярдап жатканы жазылган. Биздин Тышкы иштер министрлиги дагы уктабай, мындай коркунучка даяр болуп турушу керектигин эскертип кетмекчибиз.

Жакында эле Трамптын шайлоодо жеңип чыгаарын алдын ала айткан португалиялык көзү ачык Горацио Вильегас АКШ, Россия, КЭДР жана Кытайдын катышуусу менен согуш ушул жылдын 13-майында башталып, жыл аягына чейин уланаарын айтты.

“Тынчтык кааласаң, согушка даяр бол” деп бекеринен айтылбаган. Биз да, кыргыздар, саясаттан кичине алаксып, эки жакты жакшылап көзүбүзду ачып карап, бардык нерсеге даяр болуп турганыбыз оң.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: