26-апрель күнү Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылында бөтөлкөлөш кошунасын өлтүрүүгө шектүү 1969-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Окуя 25-апрель күнү болгон. Маалым болгондой, 1960-жылы туулган жаран менен 1969-жылы туулган кошуна жарандар арак ичип отурушуп уруша кетишет. Жашыраагы улуусун бөтөлкө менен башка чаап өлтүрүп алат да, өлүктү кантип жашыраар айласын таппай, каза болгон кишинин үйүнө ширеңке чагып өрттөп жиберет. Өзү короонун артындагы эшик менен жашыруун эшикке чыгып өрт өчүрүү кызматына чалып, үйдүн өрттөнүп жатканын кабарлайт. Өрт өчүрүүчүлөр келип өрттү өчүрүп, милициялар каза болгон жарандын өздүгүн тактап, анын киши колдуу болуп көз жумганын байкашат. Дароо өрт өчүрүү кызматын чакырып, кылмыштан кутулуунун жолун издеген коңшусун камакка алып суракка алышканда, ал окуяны болгонун болгондой төкпөй-чачпай милицияларга баяндап бериптир. Азыр эми кылган күнөөсүн мойну менен тартып, темир тор артына киргизилди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ