Азыркы парламентте Мурадыл Мадеминов деген депутат бар. Өзү кадамжайлык, орду менен сүйлөгөн жигит эле. Бир ирет, мурдагы чакырылышта бийликтин таламын талашыппы, айтор кадимки Ө.Текебаев менен жакалашып, бирок Өмуке “бир сүзгөндө” астына кулап түшүп, “Турсам өлтүрөм” дегендей тап берген жайы бар. Ким билет, жаман бийлик жакшы адамды да көзгө комсоо көрсөтүп коёбу, айтор ушул депутат жакында Ак үй тараптын камчысын чапкан гезиттердин бирине азыркы бийликти апендинин эшегиндей эле мактаган этектей маек бериптир. “Мен жөн жерден сүйлөгөн жокмун, 1991-жылдан тартып 2000-жылга чейинки 20 жыл аралыктагы, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев башкарган убакыттагы бюджеттин өсүш темпин анализдеп чыктым. Ал учурда үй-бүлөлүк башкаруу эле, себеби алар аялы, бала-чакасы жана туугандары менен биригип алып, Кыргызстанды өздөрүнүн менчигиндей пайдаланып турушкан. Ошол аралыкта бажыдан канча, салыктан канча акча чогултканын карап көрсөм, 20 жыл аралыгындагы жалпы бюджет 45 миллиард сомго да жетпептир… Ал эми 2010-жылдан кийинки Атамбаев башкарган алты жылда бюджет 150 млрд, сомго чыкты”,- дептир жарыктык. Балким, анын айтканы туурадыр. Бирок ошол акча кайда, кимдин кызыкчылыгына жумшалып жатат, эмнеге өлкөбүздө жумушсуздук көйгөйү чечилбей, эл деградацияга учуроодо (?) деген суроолорго да жооп берип койсо болмок экен.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ