Menu

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери: “Спикер, Өкмөт башчы, министр, губернатор, аким кырсык баскан айылга сүрөткө түшүп, отчёт кылып коюш үчүн эле барыштыбы?”

Бөлүшүү:

“Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев табигый кырсык болгон Өзгөн районунун Аюу айылына барып, жер көчкүдөн жабыр тарткан айыл тургундары менен жолугушуу учурунда өзү байкаган, элдин чечилбеген көйгөлөрү тууралуу билдирүү менен чыкты.

“Эмне үчүн кырсык болгон жерде жоопкерчиликтүү мамлекеттик орундагы бир дагы адам жок? Айыл аймактын башчысы жана ӨКМдин башкармалыгынын башчысы, ошол жердеги изилдөө-куткаруу операциясын башкарып жатыптыр. Акимдин орун басары да жок экен, акимди айтпай эле коеюн. Өкмөттүн облусттук өкүлүнүн 3 орун басарынын бирөөсү да жок, өкүлдүн өзүн айтпай эле коеюн. ӨКМ министринин 4 орун басарынын бирөө жок, министрди айтпай эле коеюн. Тоолор жарылып, көчкү токтогон жок, бирок адамдар ошол көчкү менен аралашып эле жүрөт. Элдин коопсуздугун сактоого эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Ал гана эмес, жабыркаган эл жылуу-жумшак жата турган жай же болбосо ысык тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз болгон эмес”,-дейт ал.

Камчыбек Ташиев 24 адамдын өмүрүн алган бул кырсыкка кызмат адамдарынын шалаакылыгы себеп болгонун белгиледи: “Мыйзам чегинде буга тийешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону прокуратурага тапшыруу зарыл. Бул апаатын көп адамдардын өмүрүн алып кетиши кызмат адамдарынын шалаакылыгы экендиги көрүнүп турат. Бир сөз менен айтканда муңканган элди кор кылышыптыр, аттин ай элим кор болуптур!”.

“Бул эмне деген гана кайдыгерчилик?! 24 мекендешибиз каза болуп жатса, бир да жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлер ошол азада кан жутуп жаткан элдин арасында болбосо, ким жооп берет?!

2008-жылы Аксы районундагы Райкомол айылында көчкү түшүп, 15 адам каза болгондо мен Өзгөчө кырдаалдар министри элем, орун басарым – азыркы Конституциялык соттун мүчөсү М.Ш.Касымалиев экөөбүз бир үйдө эле, полдун үстүндө түнөгөнбүз. Курамына губернатор, аким, раймилициянын жетекчиси, ж.б. баардык жетекчилер кирген атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн жана мамлекеттик комиссияны жетектеп Мамлекеттик катчы келген.

2008-жылы Алай районундагы Нура айылында жер титиреп, 75 адам каза болду. Ошондо Ош облусунун губернатору, азыркы КСДП партиясынан Жогорку Кецешеке депутат болуп барган А.А.Карашев экөөбүз бир вагондо түнөгөнбүз, баардык облусттук деңгээлдеги жетекчилер ошол жерде эл менен бирге болушкан. Эртеси күнү президент учуп келген. Жасалган жумуштар боюнча айтпай эле коеюн, эч ким нааразы болгон эмес.

Мен эмне үчүн булардын баарын жаздым. Себеби кечееги Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылындагы акыбалды көрүп, өтө зээним кейиди.

Спикер, өкмөт башчы, министрлер, губернатор, аким эмне, ал жерге барып сүрөткө түшүп, отчёт кылып коюш үчүн эле барыштыбы?”,- деди К.Ташиев.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: