Menu

Дамир Моңолдоровдун иритмелери токтойбу?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн 1-орун басары Дамир Моңолдоров аттуу жергиликтүу чиновник бар. Акаевдин учурунда Ысык-Көл облусунун губернатору Жусупбек Шариповдун көздөй жардамчысы боло турган.

Кийин Бакиевдин учурунда тыңып алып, Балыкчы шаарына мэр боло койду эле, 2010-жылдын 7-апрелинде элден таяк жеп, шаардык кеңештин имаратынан куулуп калган. Кийинчерээк Жети-Өгүз районуна акимдикке ат салыша коюп, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тилин таба албай, жыдып калган. Өкмөт башына Сооронбай Жээнбеков келгени бир кездеги шефинин амири мененби, айтор, дароо облустук бийликке секирик жасап, ушул күндөрү анын ысымына байланыштуу интригалардын чыгып жатканын кайда катабыз? Облустук администрация менен Ысык-Көлдөгү жергиликтүү чиновниктер Аскат Акибаевди тымызын интригалары менен жолго салган Моңолдоров жаңы жетекчи Узарбек Жылкыбаевди адаштырып салбайбы? Моңолдоровдун мындай кадамдары чын болсо, авторитеттүү адамдардын арты менен карьералык секирик жасап, ушундай иштерге аралашканы уят го?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: