Menu

Жалал-Абад: Конституция эгемедикти бекемдөөгө шарт түзөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 24 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Ага шаар жетекчилери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жыйындын катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктап, аларга жакшы каалоолордун билдирди.

КРнын  Баш мыйзамы 1993-жылы 5-майда кабыл алынып, андан бери бир нече жолу өзгөртүүлөргө туш болду.

-Эгемен өлкөбүздүн Конституциясы кабыл алгандан кийин гана элибиз эркиндиктин жана демократиянын даамын сезди, эркиндиктин жакшы жашоого умтула башташты. Элдин ошол эрки бүгүн да мамлекеттин өнүгүү багытын аныктап жатат. Өткөн жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор өлкөбүздүн эгемендигин ого бетер бекемдегенге, улуттук баалуулуктар менен ырааттуу өнүгүүгө шарт түзөт, – деди ал.

Салтанаттуу жыйындын катышуучулары өлкөнүн Конституциясы жана анын мамлекеттин, коомдун андан ары өнүгүшүнө тийгизе турган таасири тууралуу пикирлерин айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: