Menu

Акбар Сүйүнбаев, ырчы: “Өз күйөрмандарымды жогото элекмин”

Бөлүшүү:

– Акыркы убактарда чыгармачылык менен алектенбей калдыңыз окшойт. Жаңы ырларыңызды укпай калдык, ырчылыктан кеттиңизби?

– Сахнадан, теледен көрүнбөй калганды ырчылыктан кетти деп түшүнбөш керек. Сахнага чыкпай, теледен көрүнбөй калганыбыз менен чыгармачылыкта жаңы ырларды жаздырып иштеп жатабыз. Эми ар бир чыгармачыл адамдын тыныгуу алган, эргүү келген учуру болот эмеспи. Бизде да андай учурлар болгон. Азыр болсо сахнага чыкканга эмес, элге жага турган, сиңе турган ырларды жаздырууга убакыт бөлүп калдык. Анын үстүнө чыгармачылыктагы иштөө багытыбыз да өзгөрүп кетти. Биз ырдап чыккан учурда жалаң гана сахна үчүн иштесек, азыр сахнага чыкпай, концерт бербей, жаңы ырларды улам биринин артынан бирин жаздырбай эле, тойго ылайыктуу ыр жаздырып алып иштеп акча таап атыңды чыгара берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү да. Жаздырган ырларыңды телеге бербей деле, социалдык тармактар аркылуу күйөрмандарыңа жеткирип алсаң болот. Концертке кеткен чыгымга сапаттуу ыр жаздырып, клип тартып интернетке жүктөп койсоң болот. Кыскасы, азыр ырчылардын атактуусу же атактуу эмеси жок. Баарыбыз эле тойдо ырдап акча таап жатабыз. Аты чыкпаган ырчы менен атактуу ырчынын деле ырдаган жери той, тапканы бирдей эле болуп калды.

– Сизди кээде унутулган ырчылардын катарына кошкондор да жок эмес, буга сиздин пикириңиз?

– Унутулган же унутулбаган ырчылар деп бөлүү кыйын болсо керек. Мен бала кезимден ырларын угуп, чыгармачылыгын сыйлаган улуу ага-эжелердин ырларын дагы деле угуп, сыйлайм. Алардын айрымдары азыр да чыгармачылыкта жүрсө, кээ бирлери чыгармачылыктан алыстап кеткен. Бирок мен аларды унутулган ырчылардын катарына кошпойм. Алардын ырларын эл угуп, сыйлап келет. Анын сыңары, биздин да өз угармандарыбыз бар. Азыркыга чейин биздин ырларды угуп, жакшылыктарына чакырган күйөрмандарымдын аягы тыйыла элек. Кандайдыр бир жакшылыктарда атыбыз аталса, элдин жылуу сезим менен тосуп алганын байкайм. Биринчи сахнага чыкканда жаздырган ырларыбызды суранып калышат. Бул болсо, азыр да биз элдин эсинде экенибизден кабар берет. Эми элдин таразасы баарынан улук. Эл кандай баа берсе ошого татыктуубуз дейм.

– Кээ бир ырчылар атын да, атагын да сактап келе жатат. Сиздин сахнадан бат эле сүрүлүп калууңуздун себеби?

– Биз менен бирге сахнага чыккан ошол кездеги ырчылардын көбү сахнадан көрүнбөй калдык. Бизге замандаш болгон ырчылардын арасынан 1-2 гана ырчы ушул кезге чейин атагын сактап калбаса, калганыбыз бирдей эле деңгээлдебиз. Негизи «Искусство курмандыкты талап кылат» деген жакшы сөзгө ишенсек болот. Кимдир бирөөнүн ийгилиги үчүн башка бирөө курмандык болот экен. Бирок кандай гана болбосун ошол кезде чыккан ырчылардын, баарыбыздын өз аудиториябыз бар. Кайсы жерге барып концерт койбойлу эл келет, чыгармачылыгыбызды сыйлап турган күйөрмандарыбыз жакшы тилектерин билгизип турат. Негизи убакыттын өтүшү менен тынчтыкты сүйүп, эч кимге көрүнгүң келбей калат экен. Болбосо жаш ырчылардан сахна талашып, атымды чыгарам деп жулунсак аны деле ишке ашырсак болмок. Ушул жагына шүгүр дейм. Албетте, шүгүр деп эле жүрө бербей, концерт берип, эл алдында иштеген ишимдин жыйынтыгын көрсөтөйүн деп жатам. Учурда концерттин даярдыктары бүтүп калды. Буюрса ал концертке жакында күбө болосуздар.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: