Menu

Бишкекке СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге эстелик орнотулат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 20-январда мамлекеттик сатып алуулардын порталына жарыяланды.

Ага ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы эстеликти жасоого тендер жарыялаган. Бул максатта 3,5 млн сом коротуу каралган.

Эстелик колодон болуп, калыңдыгы – 1 сантиметрден кем болбоого тийиш. Аталган суммага автоунаага жүктөө, түшүрүү, орнотуу, салыктар, төлөмдөр, милдеттүү төлөмдөр ж.б. чыгымдар да кирет.

Катышуучу эскиз долбоорун жана айкелдин моделин иштеп чыгып, көрсөтүүгө милдеттүү. Мындан тышкары аны коло куйган цехи болууга тийиш.

Эскерте кетсек, Советтер Союзунун Баатырынын ысымы өзүнүн атындагы көчөдөгү паркка берилет.

Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы 6-августта денеси менен душмандын дзотун тосуп, бул эрдиги менен Воронеж фронтунун 6-армиясынын чабуулун илгерилетип, стратегиялык жер аянтына жол ачып берген. Маркум Воронеж облусунун Лискин районунун Селявно-Второе айылынадагы Жылаңач тоонун чокусуна урмат-сый менен жерге берилген.

1943-жылы 4-февралда СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: