Бүгүн, 25-июлга карата өлкө боюнча дагы 877 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 257;
Ош шаары – 60;
Чүй облусу – 71;
Ош облусу – 119;
Талас облусу – 79;
Нарын облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 122;
Жалал-Абад облусу – 91;
Баткен облусу – 58.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 32 124.
Ал эми, коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 1165 адамды түздү.
Оорудан айыккандардын жалпы саны 19 203 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ