Menu

Улан Саляновдун туугандары айыпталуучудан чындыкты айтууну талап кылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча сот отуруму болуп жатат.

Улан Саляновдун туугандары айыпталып жаткан Эрмек Осмонкуловдон чындыкты айтууну талап кылышты. Алар: “Билбейм, унутуп калдым дей бербей чындыкты айт” – деп суранышты.

Өткөн отурумда Эрмек Осмонкулов өз жактоочусунан баш тарткан. “Эмнеге?” деп сот сурагандағ “Ишеним артпай калдым” деп айыпталуучу жооп берген эле. Анын кызыкчылыгын коргогон Рабига Садыкова сот отурумун атайын узаттыртуу үчүн ушундай болуп жатканын айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.

Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.

2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: