Menu

Бакыт Төрөбаев: “Элге кеңири түшүндүрүү үчүн баш мыйзамды референдумга алып чыгуу керек”

Бөлүшүү:

Элге кеңири түшүндүрүү үчүн Баш мыйзамды референдумга алып чыгуу керек. Мындай пикирин бүгүн, 25-ноябрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамды референдумга алып чыкканда гана эл арасындагы түшүнбөстүктөргө, ар кандай пикир келишпестиктерге чекит коюлат.

Чынында карапайым калк конституциянын өзгөрүшүнө, анын маңызына көп деле маани берген жок. Бирок, коомчулук өздөрү толук таанышпаган баш мыйзамды бетке кармап, каршы жана макул деген эки топко бөлүнүп, талаш-тартыштар болууда. Элге кеңири түшүндүрүү үчүн баш мыйзамды референдумга алып чыгуу керек. Ошондо гана эл арасындагы түшүнбөстүктөргө, ар кандай пикир келишпестиктерге чекит коюлат“, – деп билдирүү жазды Бакыт Төрөбаев.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган. Референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталууда, бирок буга чейин эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана аны кабыл алуу татаал процедура жана алты айга созулушу мүмкүн деп түшүндүрүшкөн.

Ошол эле учурда, депутаттар аны толук изилдебей туруп, кол коюшканын айтып чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: