Menu

Тамара Старостина, Тарых жана маданий мурастар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери: “Жеңишке жетүүдө кыргыз элинин дагы эмгеги чоң”

Бөлүшүү:

УИАда Улуу Ата Мекендик согушка арналган тегерек стол болуп өттү. Анда адамзат тарыхындагы чоң жоготуу болгон кандуу согуштун жалпы совет эли, Кыргызстан үчүн болгон мааниси, Улуу жеңиштин баркы тууралуу эскерүү пикирлери айтылып, докладдар окулду. Бул тууралуу Илимдер Академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Тарых жана маданий мурастар институту тарабынан уюштурулган конференцияга УИАнын кызматкерлери, Россиялык мамлекеттик кызматташуусунун, “Жеңиштин мураскорлору” Эл аралык Кошунунун өкүлдөрү катышып, Улуу Ата Мекендик согуш темасын изилдеген институттун кызматкерлерине “Жеңиштин мураскорлору” аталган уюмдар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Тарых жана маданий мурастар институтунун директору А.Асанканов иш-чараны ачып жатып, Кыргызстанда мурдагы СССРдин тутумунда болгон  өлкөлөрдүн кээ бирине салыштырмалуу Ата Мекендик согушка тийиштүү бир дагы эстеликтин талкаланбагандыгын белгилей кетти.

“Улуу Ата Мекендик согуш темасы биз үчүн ыйык тема болуп эсептелинет. Жаш муун маңкуртка айланып кетпеши үчүн биз аны ар дайым эскертип, жаштарга улам айтып турушубуз керек” – деген оюн билдирди.

Тарых илимдеринин кандидаты, Тарых жана маданий мурастар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Тамара Старостинанын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу 3 томдук китеби жарык көргөн.

Ал өз сөзүндө китептин биринчи томун Улуу Жеңишке, андагы окуяларга, экинчи томун – Кыргызстан элинин Жеңишке кошкон салымына арнаганын  белгилей кетти.

“Үчүнчүсү “тарых сабагы” болду. Муну менен мурдагы болгон кандуу согуштун акылга сыйгыс коркунучтуу сценарийи кайталанбасын деген тилегимди билдиргим келди. Ал тарыхты унутпайлы” – деди окумуштуу.

Тамара Старостина ошондой эле:  “Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майданды эсинен чыгара электер чекесинен азайып бара жатат. Ал эми муундардын байланышын үзгүлтүккө учуратуу биз үчүн чоң катачылык болуп калат. Быйылкы 2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп белгиленгендиктен, патриотизм азыркыдай кыйын кырдаалда мамлекетти кармап турган күчтүү компоненттерден болуп бере алат жана ал бизге түздөн-түз Улуу Жеңишти эске салып турат. Анткени, совет эли Жеңиш үчүн жанын берген, анын ичинде кыргыз элинин дагы эмгеги чоң. Андыктан, бул Жеңиш биз үчүн ыйык, өлкөнүн, элдин гүлдөшү үчүн зарыл болуп саналат.

Өзүңөр күбө болуп жаткандай, тарых бурмаланып, фальсификация болууда. Мурунку союздук республикаларда фашизм менен нацизм өөрчүп жатат. Биз ага каршылык көрсөтүшүбүз зарыл” – деп баса белгилеп кетти.

Иш чарада Кыргызстандагы Орусиялык мамлекеттик кызматташуусунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Крусткалн катышуучуларды Орусия Федерациясынын элчилиги жана аталган өкүлчүлүктүн атынан алдыдагы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, бүгүнкү күндө жаш муундун көпчүлүгүнүн Жеңиштин маанисинен кабары аз экенин, ошондуктан аны жалпы баалуулук катары сактап калуу зарыл экендигин белгилей кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: