Menu

ӨКМдин Оштон Бишкекке көчүрүлүшү чоң катачылык болгон

Бөлүшүү:

Кан менен келген бийликтин жолу да кандуу болобу, айтор акыркы алты жылдан бери республикабызда табигый кырсык менен адам өмүрүн алган бөөдө кесепеттерден арылбай койдук. Ооба, табияттын кырсыгына, сел, жер көчкүгө, жер титирөөгө айла жок. Бирок айрым адам өмүрүн алган кырсыктар тиешелүү мамлекеттик органдардын түздөн-түз күнөөсү же шалаакылыгынан болуп жатпайбы.

«Кембагалды төөнүн үстүндө ит кабат” болуп, ар качандан бир качан дайыма карапайым эл ушул “далдырбай” бийликтин иштин көзүн билбегендигинин айынан жабыр тартып келүүдө. Былтыр күзүндө Москвада ондон ашык али он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздарыбыз тирүүлөй күйүп кеткендигин бийликтегилер унутуп коюшса да, карапайым калктын али эсинде. Эгер убада берсе оозунан от, артынан түтүн чыккан биздин чиновниктер Россия бийлигинен ЕАЭБдеги эмгек мигранттары боюнча эрежеге ылайык талап кылса, анда ошол жумуш берүүчү иштеткен адамдарга өрт, техникалык коопсуздуктарды түзүп берет эле да. Жок, алар Кыргызстанды мамлекет, кыргыздарды эл катары эсептешпейт. Ошондуктан ушул күнгө чейин соту бүтпөй, кенемте(компенсация) төлөбөй келет. Себеби алар убакыт өтүп, маселенин актуалдуулугу жоголгон соң, суудан кургак чыгып кетишерин билишет.

Быйылкы жыл да Кыргызстанда массалык түрдө адам өмүрүн алган чоң трагедия менен башталып, Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан жүк ташыган учак белгисиз себептерден улам Бишкекке коном деп, Дача СУ айылына кулап түшпөдүбү. Анда да таттуу уйкуда жаткан 39 жарандарыбыз көзү ачылбай, аркы дүйнөгө кете беришти. Эми бул авиакырсыкка бийлик күнөөлүүбү же оппозициябы? Ошол сырдуу жүктүн ээси сыр бойдон кала берүүдө. Бийлигиң болсо элден чогулган 100 млн. сомду да жөн бербей, ар нерсенин башын чаргытууда.

Баарынан да 29-апрелдин таңында Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы 11 үйдү басып калып, 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкү бийликтин алешемдигин дагы бир ирет көрсөтүп койду. Туура, 1 млн. кубометр көчкүнү Ак үй же Бакиевдер кулаткан жок. Ал тургай ошол эле күнү видеокайрылуу жасаган президент А. Атамбаев маркумдардын жакындарына, жалпы кыргыз элине көңүл айтуунун ордуна а дегенде эле “Үч кун мурда бул айылдын элине көчкүлө деп эскертүү берилген экен. Силерге балаңардан малыңар артыкпы…”, -деп жекирип, баарыбыздын башыбызга балка менен чапкандай кылды. Бирок өзгөндүк депутат У.Ормонов маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде Аюу-Сай айылынын болгону үч үйүнүн жашоочуларына эскертүү берилип, бирок “көчкүлө” – деп айтпагандыгын билдирди.

Демейде ӨКМ (өзгөчө кырдаалдар министрлиги) кайсы бир табигый кырсыктын кесепети менен күрөшпөй, алдын алуу, мониторинг, прогноз жасоо менен алектениши керек болчу. Ошондуктан тиешелүү адистер жердин көчүшүн алдын ала аныктап, билип, ал жердеги коркунуч алдында калган элди мажбурлап болсо да көчүрүүгө милдеттүү. Ал эми жөн гана оозеки “көчкүлө” деп айтып коюу, бул жөн гана кийин жоопкерчиликтен кутулуу амалы. Кыргызстанда сел, жер титирөө, кар, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктардын 90%ы түштүк облусттарда катталат. Андыктан мурдагы бийликтин тушунда ӨКМ Ошко көчүрүлгөн. Себеби, министр баш болгон аппарат, адистер ошол жакта туруп, табият кесепеттеринин алдын алуу иштерин жүргүзмөк. Бирок 2010-жылдан кийин келген “акылдуу” бийлик “эски бийликтин туура эмес саясаты” деген шылтоого таянып, бир министрликти мамлекеттик бюджетти ашыкча сарптоого жол бербөө деген сыяктуу жүйө менен кайрадан Бишкекке көчүрүп келген. Биз билгенден ӨКМ Ошко көчүрүлгөндө кызматкерлер үчүн бир топ үйлөр, жатаканалар да салынып, бюджеттен оңбогондой каражат жумшалган.

Эми эмне болду? Бизге оптималдуу башкаруу керекпи же бүтүндөй бир айылды басып калып, ондогон адамдардын өмүрүн алган жер көчкүнүн кесепетиби? Ак үй К.Бороновду маңдайына отургузуп койсо эле өлкөбүздө бороон болбой, сел жүрбөй калбайт да. Дегеле башкалары популизм, кошоматчылык, эки жүздүүлүк менен алектенсе да ӨКМдин катардагы кызматкеринен тартып, министрине чейин өз милдетин так жана абийирдүү аткарышы зарыл. Ансыз Дача СУ, Өзгөндөгү жер көчкү сыяктуу табият кырсыктарынын алдын ала албай, ондогон адамдардын өмүрү кыйылган соң гана жер чапчып отуруп калабыз.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: