Menu

Албек Ибраимов Бишкек шаарын – “бетине упа коюп, бирок мойнун жуубаган” келиндин образына жеткизди…

Бөлүшүү:

Ордо калаабыздын абалына шаар мэри А. Ибраимов кандай ишмердүүлүк кылууда? Жосунсуз кыйылган бак-дарактар, жол абалы, таштандылардан тазаландыкпы жана башка сурооолорго жооп издеп көрдүк. Бу жолу сыңар саптын коногу шаар мэри болду.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

-Шаар мэрин шаардыктар шайлабай, президент шайласа баардык мэрлер бийликке гана кызмат кылат. Бул көрүнүш бизге окшогон мамлекетгердин проблемасы, түйшүгү. Ошондуктан баарыбыз шаар мэрин эл тарабынан шайланышын талап кылышыбыз керек. Бийликке гана кызмат кылган мэрде кандай ишмердүүлүк болмок эле? Улам жогору жакты карай, «дагы эмне деген кеп айтат же айтпайбы» деп кылчактаган шаар мэринин иши алдыга жылабы? Шаар мэри чарбакер адам болуп, күн сайын көчөлөрүн аралап, кайсы жерде кандай кемчиликтер бар экенин жана ошого жараша кол алдындагы төрт райондун акимдерине тапшырма берип, берип эле тим калбай, аны тыкыр көзөмөлгө салып туруусу керек. Биз андай нерсени Албек Ибраимовдон байкабай атабыз.

Игорь Шестаков, «Пикир» аймактык эксперттер клубунун теңтөрагасы:

– Бак-дарактарды жосунсуз кыюу демилге сөрөйү ордо калабызды экологиялык жактан жабырлантпай коё албайт. Бишкек тургундарынын ден соолугуна да терс таасирин тийгизет. Бишкекте жаңы жолдорду куруу боюнча терең ойлонуп көрсө дейт элем, ал бизге керекпи? Андан көрө техникалык жактан талапка жооп бербеген маршруткаларды жол каттамдарга чыгарбай койсо, ошол жакшы натыйжа бермек. Ансыз да шаарыбыз түтүнгө, ышка, чаңга оронуп турган мезгилде бак-дарактарды болушунча калтырып, илгерки жашыл шаар макамын кучөтсө жакшы болмок. Ал эми курттап аткан эмен бактарын айтпай тек коёюн. Канча жылдан бери чара көрүлбөй келет, көрсө да эч бир натыйжасын көрбөй атабыз.

Манас Саматов, фермер:

– Мен шаар ичиндеги керектен чыккан көчөлөрдү, алардын айлап-жылдап оңолбой жатканын кеп кылбайын. Жарнамалык баннерлерде кыргыз тилинде сабатсыз которулган сүйлөмдөр жөнүндө унчукпайын. Чак түштө жана кечке маал жол тыгыны тууралуу да кеп айтпайын. Эми көчөнүн боюна машинеңизди койсоңуз, токтотконуңуз үчүн (парковка) мындан ары 40 сом төлөйт экенсиз. Кимге? Кайсы кызматы же тейлөөсү үчүн? Албек деген неме элди тономойду баштадыбы? Максим Бакиевдин 60 тыйыны дароо эсиме келди. Кыйратып койгон бир нерсеси болсо да «мейли» дейт элек. Жөн жерден карапайым элдин кыжырына тийип атканын бийликтегилер билбейби, сезбейби? Сөзсүз эле митинг же революция кылыш керекпи? Ансыз да карапайым эл жарылып кеткени араң турат, ойлонушпайбы?!

Токтогул Качкеев, эксперт:

– Албек Ибраимовдун ишмердүүлүгү мага кандай таасир калтырды – анын сунушу «бир миллиондон чыгарып, маселени чечели» дегени. Бирок, Албек Ибраимовдун орун басарлары жана төрт акимчилик бар, демек аларга кандай иш-планын уюштурса, ошондой натыйжа болот. Мэр шаардык кенештин чечимин аткарат, бир топ көз карандылык кылат, муну да эстен чыгарбаш керек. Көзгө көрүнгөн иштери – бул чоңдор жүрө турган жолду суу менен тазалай баштаганы, эскирген, коркунуч туудурган дарактарды кыя баштаганы, жолду жамаачылаганы. Кемчилик – жол тартиби, ДТПдан өлүм-житимдин көбөйүшү, Ош базардын тегерегиндеги тартипсиздик, шаардагы паспорттук көзөмөлдүн жоктугу, ардагерлердин мамлекеттик льготаларын аныктай албагандыгы, шаардын ичи тазалыктан алыстыгы, шаарда селсаяктардын көзөмөлсүз жүргөндүгү өзгөчө кайырчылар, БОМЖдор көбөйүп кеткени жанды кейитет.

Жусупжан Жээнбеков, экс-депутат:

– Өзүм да бу тармакта көп жыл иштедим, аки-чүкүсүн жакшы билем. Бишкек бүгүнкү күндө «бетине упа коюп, бирок мойнун жуубаган келиндей» десем жаңылбайм. Борбордук көчөлөр гана тазаланат, калганы «кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек» деген абалда. Жибек жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен төмөн карай, эски толчокко чейинки жолдун жамаачысын көрүп, нары карап ыйлайсың, бери карап күлөсүң. Бизде шаар ичинде Чоң Чүй каналын (БЧК) кесип өткөнн торт гана көчө бар. Алматы, Совет, Тоголок Молдо жана Жаш Гвардия. Жок дегенде ушу аталган көчөлөрдү, өзгөчө Тоголок Молдо көчөсүн бир аз кеңейтип, жолуна капиталдык оңдоо-түзөө иштерин кылып койсо сонун болот эле. Канчалаган айдоочунун убалына калып атканын сезип, билет бекен шаар мэри?

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат:

– Ооба, мен жөө жүргөн саясатчыларданмын. Албетте, жамгырдан кийин пайда болгон козу карындай «элита үйлөрү» акча кылуу үчүн эле эрежесиз салынып кеткени өкүндүрөт. Айтмакчы, бул үйлөр чет өлкөдө «элиталуу» деп аталбайт. «Элита» үйлөрдө жертөлө гараж, бассейн, фитнес-зал, сауна жана жашыл короосу болот. Биздеги элита үйлөрүнүн кайсынысында ушул атагандарым бар? Экинчи койгой: эмне үчүн жолдор сапатсыз курулат жана оңдолот? Пнткени коррупция асфальтты жеп салып жатпайбы! Стратегиялык Ош-Бишкек трассасын, Ысык-Көлгө алып баруучу трассаны же Бишкектин ичиндеги жолдорду карасак, паракордук негизинде асфальт да жукарып, сапаты да бузулуп, курулуп жана оңдолуп жатат. Ошон үчүн жолдор тез эле өңгүл-дөңгүл абалына келип калып жатат. А дарактарды ырайымсыз кыюу – бул СССР мезгилинде жашылдыгы боюнча үчүнчү орунду ээлеп турган борборубузду чөлгө же бетон шаарга айландыруу аракети. Жапайы капитализм ушундай болот…

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:

– Албек Ибраимов кабинеттен чыкпай, шаар маселелерин жеринде чечкиндүү чече билбеген жетекчилердин катарына кирери белгилүү болуп калды. Анткени, таштандылар тоодой үйүлүп, жолдор бомба тийгендей оюлуп, жапшашыл дарактар ой келди кыйылып, имарат-үйлөр генпланга карабай эле каалагандай курулуп жатканын көрүп, аргасыздан ушундай ойго келесиң! Мунун баарын чечмелеп кажети жок. Көйгөйдүн баарын айтып отурсаң таң атат да кеч кирет. Шаарда Манас көчөсү менен Чүй проспектисинен башка көчө жокпу? Же мэрдин ою боюнча калган көчөлөр эсепке алынбайбы? Эмне үчүн баардык көчөлөр таң эрте жуулбайт? Эмне үчүн баардык көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөйт? Эмне үчүн шаар ичиндеги эмен бактарын дарылашпайт? Эмне үчүн, эмне үчүн?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: