Каржы министри Адылбек Касымалиев 2019-жылы министрликтер менен ведомстволордун бюджеттик чыгашаларын 14 миллиард сомго кыскартуу зарылдыгын айтып чыкты. Негизинен каржылоо энергетика, транспорт, социалдык тармак, саламаттык сактоо, билим берүү жана суу менен камсыз кылуу тармактарында кыскартылаарын жар салды. Келээрки 2019-жылы республикалык бюджеттин киреше өлчөмү – 168 млрд. 308 млн. сомду түзөт. Каржы министри каккан коңгуроону эске алганда, экономикада өсүш болбой, кургуйга кулап бараткандан кабар берди. Өкүнүчтүүсү каржылык кыскартуу билим берүү менен саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, энергетика сыяктуу негизги тармактарда болуп жатканы чатак. Эмнеге акча суудай аккан салык, бажы тармагынын бюджета кыскарбайт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ