Menu

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 22-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ШКУ ТИМК) кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ШКУ ТИМКнын жыйынында приоритетүү багыттар, ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер жана ШКУ регионундагы кырдаал боюнча боюнча кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды. Жыйындын негизги темасы 2019-жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына даярдык жана алдыдагы Саммиттин документтерин талкуулоо болду.  Мындан тышкары, тараптар өз ара пайдалуу регионалдык кызматташуунун мындан ары өнүгүүсүн талкуулап, орто мөөнөттүү келечекке ШКУнун Катчылыгынын байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча Жол картасын карап чыгышты. Кыргыз тарабы Уюмга төрагалык кылуу мезгилинде жасалган иштер жөнүндө мүчө-мамлекеттерге дыкат маалымат берди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасында министрлик деңгээлдеги маанилүү жыйындар өттү, анын ичинде, коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Жолугушуусу, коргоо министрлеринин, баңгизаттарга каршы ведомстволордун жетекчилеринин, маданият министрлеринин Кеңешмеси, ошондой эле ШКУ Бизнес-форуму, аялдар Форуму, Ысык-Көл марафону жана башкалар. Мындан тышкары, ШКУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндө, ошондой эле коопсуздук жаатында кызматташтыгын бекемдөөгө басым жасалды. ШКУнун финансылык механизмдерин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: