Белгилүү болгондой жакында саясатчылар Медет Шаримкулов, Аргынбек Малабаев, Керим Атамбаевдер «Улуу журт» деп аталган партия ачышып, анын биринчи жыйынын 300дөй адам менен Балыкчыда өткөрүшкөн.
Андан кийин түштүктө өткөрүшсө, бүгүн болсо чоң курултайын Бишкекте жүздөгөн адамдардын катышуусунда алгач «Жаннат» мейманканасында, андан соң «Ала-Тоо» ресторанында өткөрүштү.
Бул жаңы ачылган партиянын төрагасы болуп түштүктөн чыккан чоң бизнесмендердин бири, «Улуттар биримдиги» (качкында жүргөн Мелис Мырзакматовдун) партиясынан Ош шаардык кеңешинин мурунку чакырылышына депутат болгон Атамбаев Керим Жаныкович шайланганы маалым болду. Бул адамдын «Холдинговая компания Оржемиль» ж.б. компаниялары бар. Буга чейин анын компаниясы салыктан жеңилдик алгандыгы боюнча сындар айтылган.
Дагы бир айта кетчү маалыматтын бири- бул партияны негизинен адигинелер түптөштү. Албетте, жаңы ачылган партиянын алдыда шайлоого жалгыз барганга чамасы чарк, кадыры аз. Демек, бул да кайсы бир чоң партиялардын бирине кошулуп, соодалашуу саясатын жүргүзөрү турган иш.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ