Menu

“Ысык-Көл” мейманканасынын жанындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары Бишкектин Эски аянтына жөнөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда “Ысык-Көл” мейманканасынын жанындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары жайгашкан жерди өзгөртүүнү чечишти.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкек шаарынын Өкмөт үйүнүн жанындагы Эски аянтка унаа менен барышат. Алар премьер-министрди ошол жерде күтүшөт.

Жапаровдун тарапташтарынын митинги “Ысык-Көл” мейманканасынын жанында өттү. 1200гө жакын адам чогулду. Эми алар Жогорку Кеңештин таркатылышын жана спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Алар талаптар аткарылмайынча таркабайбыз деп жатышат.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Парламент төрагасы Канат Исаев автоматтык түрдө мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: