Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчысынын куттуктоо тексти:
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм!
Бул майрам эрдикти, ар-намыстуулукту даңазалайт. Бул күнү Мекенди эрдик менен коргогон баатырларыбызга, азыркы кезде Кыргызстандын коопсуздугун, элдин бейпил жашоосун сактап тургандарга урмат-сый көрсөтөбүз.
Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин салымы чоң. Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары мекенге кызмат кылуунун, эрдиктин жана патриоттулуктун бийик үлгүсү. Ата мекенге өмүрүн арнап, кызмат кылган ар-намыстуу мекендештерибизге таазим кылабыз!
Урматтуу мекендештер! Сиздерге чың ден-соолук, бакубатчылык, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана тынчтык каалайм!».

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: