“Коронавирусту аныктоо үчүн бир суткада 2081 изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен 11инин жыйынтыгы оң чыкты” – деп билдирди бүгүн, 8-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде.
Анын айтымы боюнча, лабораториялык тастыктакталган оорулуулар менен 4112 адам байланышта болгон. Алардын саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.
Ошондой эле, обсервацияда 1250 адам жатат. “Бул Соль-Илецктен келгендер мекендештер обсервацияда болуп, текшерүүдөн өтүп жаткандыгына байланыштуу. Бүгүнкү күндө алар лабораториялык текшерүүдөн өтүп, даргерлердин көзөмөлүндө” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 906 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен 650 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. 12 адам оорудан улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ