Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Ички ресурстарды пайдалануу менен өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек

Бөлүшүү:

Ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек. Бул тууралуу КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «КРнын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «КРнын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Биз Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине кийинки жылдын чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек деген норманы киргизишибиз керек. Бюджетти түзүүдөгү мамилени өзгөртүү зарыл. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды төлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктык түшүүлөрдүн эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Албетте кийинки жылы калкты иш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат», – деп белгиледи премьер-министрдин м.а.

Өзгөчө көңүл экономиканы калыбына келтирүү жана аны туруктуу өнүктүрүүгө бурулат.

«Ал үчүн биз атамекендик бизнести колдоого алып, коргойбуз жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатабыз. Ошондой эле алдыда бюджеттин туруктуулугун камсыздоо жана кошумча резервдерди табуу боюнча милдет турат. Биз КРнын Өкмөтүнүн бардык программаларын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз. Бул бизге өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет», – деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: