Өткөн жумада ордо калаабыздын чок ортосунда «Сатылган соттор кетсин!», «Коррупцияга жол жок!», «Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин!» деген ураан менен жаштар, жарандык активисттер, соттон жабыркаган карапайым эл, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин билдиришкен болчу. Аталган митингде «Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, башкы прокурор Индира Жолдубаева ж.б. кетсин!» деген плакат жазууларды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, митингдин катышуучулары президенттин саясатын колдошорун билдирүү менен ажого кайрылуу жолдоп, 7-апрелге чейин мөөнөт берип, Акүйдүн алдынан тарап кетишкенине күбө болгонбуз.
– Сотторго уят! Биз бүгүн бул жакка коррупцияга баткан, өздөрү мыйзамды сыйлабаган, өзүм билемдик менен шугулданган адилетсиз соттордун аттарын атап, президенттин ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү үчүн келдик. Биздин мамлекетке качан адилеттүү соттор келет? Биз эч качан сот системасын уят кылган кесипкөй эмес сотторду унутпайбыз. Алардын аты-жөндөрүн кыргыз эли бүт билиш керек. Воронцова кетсин! Архарова кетсин! Эрнис уулу кетсин! Биз бул жерге келе беребиз. Ыймансыз сотторду көчөдөн жолуктурсак салам-аликке келбейбиз.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ