Menu

Ырчы Сыймык Бейшекеев менен журналист Шайырбек Абдрахмандын айтышы

Бөлүшүү:

Мына жакшылардын айтышы. Сөз баккан, сөз кадырлаган каймактар. Фейсбукта ушундай айтышуунун маданиятын өркүндөтүп, үлгү алсак, адат кылсак. Сыймык Бейшекеев досу Шайырбек Абдрахманга салам айтып, андан жооп алганы.

Сыймык Бейшекеев:

Аманбы Шайыр карагым

Чалат деп саатты санадым

Жолукмак элек кечээ эле

Жакемин алып саламын

Бүгүн кар чачышып жүрсүңөр

Аябай аңдап карадым

Саясатка шерик таап

Ачыпсың шайлоо барагын ттшг

Бир жыл эрте баштапсың

Даярдап курал жарагың

Кочкордун эти ошентип

Секиртет койбой амалың

Эми, таалайлуу өмүр сүргүлө

Таркылдап катуу күлгүлө

Кир жугузбай беттерге

Кар менен жууп жүргүлө

Арчадай бийик өскүлө

Аллам өзү жар болсо

Ак үй жака көчкүлө

Акмак чыкса абийирин

Айрандай эле төккүлө

Элдин мүлкүн жегенди

Энесин койбой сөккүлө (уландысы бар)

Шайырбек Абдрахмандын жообу:

Кандайсың Сыймык жан досум,

Өнөрдөн тапкан жолдошум,

Кече Жакемдин жайын билмекке..

Офисине кирмекке..

Жакшы эле кылгам далалат,

Сен менен басып жүрмөккө.

Аския баштап күлмөккө..

Бирок, саясий кадам таштадым

Ырым болсун ушу деп,

Шу окшойт бакыт кушу деп.

Кар чачышмай баштадым..

Жүр болбосо Сыймык дос.

Сага да шыбап берейин.

Депутат болуп кетсеңиз.

Элге тийээр керегиң.

Мына мындай сунуш бар. Кандайсың шуга береним?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: