Menu

Жээнбеков: Банк сектору өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуууда

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Быйыл өлкөбүз улуттук валютанын – сомдун киргизилшинин 25 жылдыгын белгилейт. Өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатынын негизги каржаты гана болбостон, эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын символу да болуп калды.

Бүгүн банк сектору калкка ар кандай кызмат көрсөтүп жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылап, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуууда. Банк кызматкерлеринин эмгеги менен финансылык туруктуулукка, банк жана төлөө системасынын коопсуздугуна жетише алдык.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, бай тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөбүздүн банк системасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн мындан ары карай өнүгүшүнө кызмат кылаарына ишенем.

Дагы бир жолу бардык банк кызматкерлерин кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстандын өнүгүшү үчүн жемиштүү иштерди каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: