Menu

Түркияда өткөн эл аралык онлайн фестивалда П. Шубин атындагы Борборлоштурулган музыкалык мектептин окуучулары баш байге жана биринчи орунга ээ болушту

Бөлүшүү:

Түркиянын Стамбул шаарында “Бий жана музыка” күнүнө карата онлайн форматта өткөн эл аралык фестивалда П. Шубин атындагы Борборлоштурулган музыкалык мектепттин окуучулары катышып, баш байгени жана 1-орунду жеңип алышты. Бул маалымат карантин шартында музыкалык мектептерде аралыктан билим берүүнүн жана мугалим менен окуучунун үзгүлтүксүз байланышуусунан болгон мыкты жаңылык катары кабар берет.
Баш байгени 3-классынын окуучусу Талантбекова Айжан жеңип алган.
Айжан Талантбековна 13 жашта. Ысык- Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Учурда П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө 3- класста окуйт. Бишкек шаарындагы № 69 Т. Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс- гимназиясында 6- классты аяктап жатат. Мындай эл аралык сынакка Айжан биринчи жолу катышкан.
1-орунду 6-класстын окуучусу Аширалиев Нурсултан жеңип алды.
Аширалиев Нурсултан 14 жашта. Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Учурда П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө 6- класста окуйт.
Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 8- классты аяктап жатат. Нурсултан буга чейин көптөгөн сынактарга катышып, жеңүүчү болуп жүргөн.
Айжан менен Нурсултандын комуз сабагынан сабак берген мугалими Айдыралиева Марина Мамбеткуловна. Ал П. Шубин атындагы борборлоштурулган музыкалык мектепте 30 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келет. Анын жетекчилигинин алдында бир катар фестивал жана сынакардын лауреттарын жана жеңүүчүлөрүн чыккан. Мындан сырткары, окуу жайдагы комузчулар ансамблине көркөм жетекчи болуп, анын окуучулары Бишкек шаарындагы өтүп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш- чараларга катышып келет.
Аталган фестиваль дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемия шартында онлайн форматында өтүп, ал профессионалдар, орто курактагы жана кенже курактагы болуп 3 категорияга бөлүнгөн. Фестивалды Түркиянын Жаштар жана спорт клубу, Босфор фольклер союзу уюштуруп өткөргөн.
Эске салсак, П. Шубин атындагы Бороборлоштурулган музыкалык мектеп, Кыргызстандын маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө өзүнүн салымын кошуп, улуттук баалуулуктарды сактап жана андан ары өнүктүрүп кеткен жүздөгөн таланттарды тарбиялап чыкканы маалым.
Бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда, Россияда, Германияда жана АКШдагы жогорку окуу жайларда музыкалык билимин улантып, учурда иштеп жаткан белгилүү инсандар бар.

Аталган мектеп, 1948-жылы 20-январда СССРдин Министрлер совети Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор Петр Шубиндин кыргыздын профессионалдык маданиятына сиңирген эмгегин эске алып, ысымын аталган жайга ыйгарган. 2010-жылы бул билим жайына “Балдардын борбордук музыкалык мектеби” макамы берилген. Бүгүнкү күндө мектептин директору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гульзинат Суранчева жетектеп келет.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: