Menu

Парламент тарап кетүүгө даяр, болгону акча жок!

Бөлүшүү:

Жогору Кеңеш тарап кетет экен деген маалыматтар таратылууда. Маалыматтарга караганда алардын тарап кетүү күнү белгиленип, келе жаткан жыл башы болуп калуусу айтылууда. Чындап келсе ЖКнын тарап кетиши эбак эле ишке ашуусу керек болчу. Ар тараптан кризиске капталган. Акча саясатынан улам эмес, абийир, анан калса кетирген жеке кемчиликтеринен улам. ЖК жалпы анын депутаттары менен бүтүндүктө турат. Ар бир депутаттын абийири, ар намысы ошол жогорку жайга таасирин берет. Эгер ушул жагдайда эске алсак, анда ал жай анын депутаттары аркылуу абийири деле калган жок. Угушубузга караганда айрым депутаттар уялгандарынан депутаттык мандатты деле тапшырып берүүгө даяр. Кала берсе жумушка келүүгө кызыктар деле эмес. Мындай уяттуу депутаттардын бар экенине шүгүр. Ошол себептенби, ким билсин депутат Кенжебек Бокоев парламенттин тарап кетишине каршы деле эмес. Буга чейин Бакыт Төрөбаев дагы тарап кетели деген пикирин айтып, ал кездеги президент Атамбаевдин алкоосуна татыган. Ал учурда аэропорттогу Түрк учагынын айланасында кызуу талкуу болуп, анда самолет жүгү Атамбаевдики деп жатышкан. Атамбаевдики түшүнүктүү. Азыр эл тарап кетсе деген тилекте. Ага эмнелер түрткү болду? Депутат Рыспаевдин чет элдик иш сапардагы мас болуп кыйсыпыр салганы, “элитабыз” деп эрдемсингени, Бакировдун өзүнүн атасындай кишини, ашыкча сөз айтып жыйындан айдап чыкканы, Тазабек Икрамовдун серия “сексалю” себептери, Айтматовдун тоюна барбаган депутаттардын тизилип, Раим Матраимовдун тоюна барганы, төрага Дастан Жумабековдун өкмөт ортосундагы кагаздардагы каталары, анын автордук ыр талашы жана башка толго токой майда иштери Атамбаевдин “чимкирик парламент” деген сөзүнө дал келүүсү, баардык жактан парламенттин таркап кетүүсүнө шарт түздү. Парламент – бул эл шайлаган өкүлдөр. Алар кайсыл мыйзамдарды жазып, мамлекеттин саясатын түздөөгө салым кошуп жатышканын коомчулук билбейт. Тил менен жел эмизген депутаттарды бүгүн эл тарап кетсе деген тилекте. Алар деле тарап кетүүгө даяр. Бирок, кайрадан шайлоо өткөрүүгө акча жок. Неси болсо да, жакынкы аралыкта алардын тагдыры ачык билине тургансып турат. ЖК ичи болуп көрбөгөндөй интригага айланганын айтышууда.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: