Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйыны болуп өттү. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, аталган жыйынтыдын жыйынтыгы ЖККУ мүчө мамлекеттердин ортосунда келечекте аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташууну, уюмдун курамындагы өлкөлөрдө коргонуу өнөр жай ишканаларын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө дем берет.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:
– 2015-жылга чейинки ЖККУ алкагында куралданууну жана аскердик техниканы стандартташтыруу боюнча иштерди өткөрүүнү уюштуруу планы тууралуу;
– ЖККУ алкагында аскердик маанидеги бергеликте иштелип чыгарылган жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын көтөрүү тууралуу ;
– ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын иштиктүү кеңеши тууралуу;
– ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын төрагалыгында биргеликте иликтөөлөрдү жүргүзүү жана иштеп чыгуу маселелери боюнча жумушчу тобу тууралуу;
– интелектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын өз ара коргоо маселелери боюнча, ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана колдонулган ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын Координациялык кеңеши тууралу ;
-ЖККУ мүчө мамлекеттердин атайын маанидеги аскердик продукцияларынын экспозицияларын түзүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча 2017-2018-жылдары эл аралык көргөзмө өткөрүүнүн тартиби ;
-ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 2018-жылга планы тууралуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ