Menu

Султанбай Айжигитов, Баткен областынын экс-губернатору: “Чек ара сызыгын орнотмоюн, чыр чыга берет…”

Бөлүшүү:

– Султан агай, акыркы мезгилде Баткендеги чек арада чыр чыкканы аз келгенсип, маал-маалы менен ок атылып, октон жабыр тарткандар боло баштады. Тирешти жандандырган чырлуу маселени токтотуунун жолу барбы?

– Эгер чек арада маселени азайтабыз, чыр чыгууну алдын алабыз дешсе, сөзсүз “чек ара линиясы” деген түшүнүктү киргизип, чек ара линиясын орнотуш керек. Анткени, чек ара линиясын орнотмоюн, эч качан укуктук талаа болбойт. Антпесе, кырдаал курчуп, маселе оорлой берет. Жок дегенде талаштуу, маселе жаралып, кырдаалды курчутуп жаткан жерлерге чек ара линиясын орнотушубуз керек.

Мен муну асмандан алып айтып жаткан жокмун. СССРдин убагындагы административдик чек аранын негизинде чек ара линиясы деген түшүнүк кирип, 92-93-жылкы макулдашуу болгон. Ошонун негизинде талаштуу маселе жаралып жаткан жерлерге убактылуу болсо да “чек ара линиясы” деген түшүнүктү киргизип, убактылуу демаркациялык чектерди коюшубуз керек. Ошого жетишип калсак, маселе жаралган жерге бир эле катардагы чек ара кызматкери келип, мамлекетти түп көтөрбөй эле чечип койгон абалга жетишебиз.

– Кошуна мамлекеттерден чек ара линиясын орноткондор барбы?

– Өзбекстан эч кимди күтпөй эле Баткен облусунда чек ара линиясын орнотуп, торлорду тартып койгон. “Убактылуу чек ара линиясы”- деп. Кийин демаркация, делимитация бүтсө, керек жагына жылдырабыз дешкен. Торлор тартылганы үчүн Өзбекстан тараптан да, Кыргызстан тараптан да мыйзам бузуу болгон жок. Мамлекетти ойго салган чыр деле чыккан жок.

– Баткендеги ок атышууну токтотуп, чыр чыккан жагдайларды алдын алуу үчүн Кыргызстан да, Тажикстан да сестене турган адамдарды өкмөттүн өкүлү кылыш керекпи?

– Андай таасирдүү адамды губернатор кылсак да болот. Анткени, “бардык маселени кадрлар чечет” – деген сез бар. Татаал жерлерге тааныш-билиштерди эмес, иштин көзүн таба алган, тең ата сүйлөшкөн, талапты коё алган мыктынын мыктысын алып келиш керек. Бир эле губернаторду эмес, акимдерди жана күч органын кызматкерлерин да ошондой тартипте тандаш керек. “Алыс жайгашкан облуска боло берет” – дебей, кадрлардын да кыйындарын, мыктыларын, иштин көзүн таба билгендерин дайындаш керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: