Menu

Душанбеде нике күбөлүгү жок жубайлар саунага киргизилбейт

Бөлүшүү:

Душанбеде расмий түрдө никеге турбаган түгөйлөр мындан ары сауналарга киргизилбейт. Сауна кожоюндары эс алуу үчүн келген жуптар  нике күбөлүгүн көрсөтүшү керек экенин тастыкташты.

Душанбе шаарынын жашоочусу Дилшод менен аялын жанындарында нике күбөлүгү жок болгондуктан саунага киргизишкен эмес. “Жаңы эреже тууралуу билген эмеспиз. Андыктан жаныбызда күбөлүк жок болчу жана биз эрди-катын экенибизди далилдей алган жокпуз. Жуунбай үйгө кетүүгө туура келди. Сауна ээлери бул шаар бийлигинин талабы экенин айтышты”, – деди ал.

Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Умаржон Эмомали 22-октябрда бул эреже сауналарды сойкулук үчүн көмүскө жайларга айлантуунун алдын алуу үчүн киргизилгенин билдирди.

Сауналар менен катар мейманканалар да шаар бийлигинен эскертүү алышты. Иш сапар менен Хужандга барган душанбелик Махваштын айтымында, көптөгөн мейманканаларда жубай эместерге бир номер берилбей тургандыгы жөнүндө жарыялар илинген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: