Монголияда 2025-жылга карата иш кагаздарын эски монгол жазмасына өткөрүү пландалууда. 28 тамгадан турган жана жогору жактан төмөндү көздөй жазылган ал жазма 1991-жылдан бери өлкөнүн жалпы билим берүү мектептеринде өз алдынча сабак катары өтүлүп келет.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, эски монгол жазмасы Чынгызхандын буйругу менен уйгур арибинин негизинде түзүлгөн. Орто кылымдарда эски монгол арибинде «Жашыруун жылнама», «Алтын жылнама», «Баалуулуктар кенчи» аттуу эмгектер, ошондой эле «Ганжур» жана «Данжур» деген ыйык будда китептери жазылган.
Монголиянын кириллицага негизделген азыркы жазмасы 1940-жылы, Борбор Азиядагы советтик республикалардын ариби менен бир убакта кабыл алынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ